Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2023-жылдын 8-августу № 170

Илим жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Укуктук жөнгө салуу предмети

Ушул Мыйзам илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруунун негизги укуктук, уюштуруучулук, экономикалык негиздерин, илимий-техникалык маалымат системасынын иштөө негиздерин аныктайт.

2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

1) аспирантура (адъюнктура) - илимий-изилдөө иштерин пландоо жана өз алдынча жүргүзүү боюнча компетенцияларга, ошондой эле илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алууга жекече илимий-квалификациялык ишти (диссертацияны) даярдоого мүмкүндүк берүүчү терең теориялык билимдерге ээ болгон илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоонун формасы;

2) илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аттестациялоо - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген белгилүү бир талаптарга анын шайкештигин таануу максатында илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишин жалпы баалоонун жол-жобосу;

3) илимий-техникалык маалыматтар базасы - белгиленген максат үчүн жетиштүү болгон, анда камтылган маалыматты автоматташтырылган кайра иштетүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү түрдөгү электрондук алып жүрүүчүдө берилген маалыматтардын топтому;

4) илимий-техникалык маалыматтар банкы - илимий-техникалык маалыматтардын бир же бир нече базасынан жана алардагы маалыматтарды сактоо, иштеп чыгуу жана издөө системасынан турган автоматташтырылган маалыматтык-издөө системасы;

5) грант - аларды пайдалангандыгы жөнүндө кийин отчет берүү менен илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды, долбоорлорду жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүүгө юридикалык жана жеке жактарга акчалай же накталай формадагы кайтарымсыз субсидия;

6) илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик саясат - мамлекеттин илимий жана илимий-техникалык ишке карата мамилесин туюндурган, мамлекеттин илим, илимий-техникалык иш жана илимий-техникалык маалымат жаатындагы максаттарын, багыттарын, принциптерин, формаларын жана методдорун аныктаган мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатынын курамдык бөлүгү;

7) мамлекеттик тапшырык - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражаттарынын эсебинен товарларды берүүгө, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө тапшырык;

8) докторантура - илимий изилдөөлөрдүн жаңы багыты боюнча илимий-изилдөө иштерин уюштуруу же илимий изилдөөлөрдүн учурдагы актуалдуу багыттарын концептуалдуу өнүктүрүү, илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алууга жекече илимий-квалификациялык ишти (диссертацияны) даярдоого мүмкүндүк берүүчү илимий иштин натыйжаларын аналитикалык жалпылоо компетенцияларына ээ болгон илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо формасы;

9) илимдин доктору - докторантурада жана/же изденүүчүлүк институтунда диссертациясын ийгиликтүү коргогондон кийин илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон адамдарга ыйгарылуучу квалификациялык деңгээли;

10) философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор - тиешелүү окуу программасын жана диссертацияны коргоо менен илимий-изилдөө ишин аткарган адамдарга илимий жана башка кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн укук берүүчү жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли (базалык докторантура);

11) инновация - жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизилген инновациялык продукт;

12) илимий-инновациялык иш - илимий изилдөөлөрдүн жана иштеп чыгуулардын натыйжалары боюнча алынган инновациялык продуктуну түзүүгө жана жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизүүгө багытталган инновацияда жаңычылдыкты инновацияга өзгөртүп түзүү боюнча иш;

13) инновациялык продукт - жаңы же өркүндөтүлгөн продукция, технология, кызмат көрсөтүү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык же башка мүнөздөгү жаңы уюштуруу-техникалык чечим, алар:

а) интеллектуалдык иштин натыйжаларын укуктук коргоого жөндөмдүүлөрдү пайдалануу менен түзүлөт;

б) рыноктун белгилүү бир сегментинде көрсөтүлгөн аналогдорго салыштырмалуу кыйла жогорку техникалык-экономикалык же башка көрсөткүчтөргө ээ;

в) атаандаштыкка жөндөмдүү болуп саналышат;

14) илимдин кандидаты - аспирантурада жана/же изденүүчүлүк институтунда окуп бүтүргөн адамдарга диссертациясын ийгиликтүү коргогондон кийин ыйгарылуучу квалификациялык деңгээли;

15) илимий жана илимий-техникалык кызматкер - жогорку билимдүү же магистратура, аспирантура, PhD докторантура, изденүүчүлүк, докторантура формасында тиешелүү даярдыгы бар, илимий, илимий-педагогикалык жана илимий-техникалык иш менен кесипкөй алектенген адам;

16) илимий жана илимий-техникалык уюмдар - илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук жана долбоорлоо-изилдөө жана башка илимий-техникалык иштерди жүргүзүүчү юридикалык жактар;

17) илимий жана илимий-техникалык иш - технологиялык, инженердик, экономикалык, социалдык, гуманитардык жана башка милдеттерди чечүү үчүн жаңы билимдерди алууга, пайдаланууга, илимдин, техниканын жана өндүрүштүн бирдиктүү система катары иштешин камсыз кылууга багытталган иш;

18) илимий инфратүзүм - илимий лабораториялык жана инженердик-техникалык жабдуулар, тажрыйба-өнөр жай өндүрүшү, уникалдуу объекттер, ошондой эле илимий жана илимий-техникалык уюмдун балансында турган башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк;

19) илимий-маалыматтык иш - илимий жана илимий-техникалык маалыматтарды түзүү, чогултуу, системалаштыруу, аналитикалык кайра иштетүү, белгилөө, сактоо, жайылтуу жана пайдалануучуга (керектөөчүгө) берүү менен байланышкан иш-аракеттердин жыйындысы;

20) илимий-изилдөө иши - илимий жана илимий-техникалык натыйжа алуу максатында илимий издөө, изилдөөлөрдү, эксперименттерди жүргүзүү менен байланышкан иш;

21) илимий-техникалык маалымат - илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук, долбоорлоо-технологиялык, уюштуруу-башкаруучулук, өндүрүштүк-экономикалык, илимий-инновациялык иштин процессинде алынуучу, илимдин, техниканын жана жаңы технологиялардын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат;

22) илимий изилдөөлөр - илимий жана илимий-техникалык иштин натыйжаларына жетишүү максатында илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук жана технологиялык иштердин алкагында тиешелүү илимий методдор жана каражаттар менен илимий жана илимий-техникалык иштин субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылуучу фундаменталдык, колдонмо илимий изилдөөлөр;

23) илимий жана илимий-техникалык натыйжа - жаңы билимдерди же чечимдерди камтыган илимий жана илимий-техникалык иштин продуктусу;

24) илимий, илимий-техникалык долбоор жана программа - пландалган иштерди жүргүзүүнүн максаттарын жана милдеттерин, актуалдуулугун, жаңычылдыгын, илимий-практикалык маанилүүлүгүн жана максатка ылайыктуулугун негиздөө менен илимий, илимий-техникалык, тажрыйбалык-конструктордук изилдөөлөрдү көрсөтүүчү, болжолдонгон илимий жана илимий-техникалык иштин мазмунун камтыган документ;

25) илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - илим жана илимий-техникалык иш жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияны жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;

26) окумуштуулук даража - билимдин белгилүү бир тармагында жетишилген илимий деңгээлди чагылдыруучу, окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертация коргогон адамга ыйгарылуучу жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү квалификациясынын деңгээли;

27) окумуштуулук наам - академиялык карьеранын айрым этаптарында илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди ажырымдоого мүмкүндүк берүүчү жогорку билим берүү жана илимий уюмдардагы квалификациялык системанын баскычы;

28) тажрыйбалык-конструктордук иштер - продукцияны түзүүдө же модернизациялоодо аткарылуучу иштердин комплекси, тажрыйбалык үлгүлөргө конструктордук жана технологиялык документтерди иштеп чыгуу, тажрыйбалык үлгүлөрдү жана пайдалуу моделдерди даярдоо жана сынамдан өткөрүү;

29) тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - тармактык мамлекеттик орган) - мамлекеттик тапшырыкты түзүү үчүн илимий, илимий-техникалык долбоорлордун жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн программаларынын темаларын аныктоочу Кыргыз Республикасынын тармактык министрликтери, администрациялык ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары, инновациялык жайылтуу ишин, илимий жана илимий-техникалык натыйжаларды коммерциялаштырууну жүзөгө ашырат;

30) колдонмо илимий изилдөөлөр - практикалык максаттарга жетүү жана конкреттүү милдеттерди чечүү үчүн жаңы билимдерди колдонууга багытталган изилдөөлөр;

31) илимий-техникалык маалымат системасы - мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн илимий-техникалык маалыматты түзүү, чогултуу, системалаштыруу, издөө жана берүү процесстерин ишке ашыруучу илимий-техникалык маалымат ресурстарынын жана уюштуруу-технологиялык каражаттарынын иреттелген жыйындысы;

32) технопарк (технологиялык парк) - илимий билимдерди, ойлоп табууларды, ноу-хауну жана жогорку технологияларды коммерциялык өздөштүрүү жана аларды рынокко чыгаруу үчүн ишти натыйжалуу колдоо максатында түзүлгөн уюм;

33) технополис - бул илим, билим, өндүрүш процесстери жашоо менен айкалышкан, заманбап продукцияны иштеп чыгуу, жайылтуу жана өндүрүү менен алектенген изилдөө лабораторияларынан, венчурдук, ишке киргизүүчүлүк, ири өнөр жайлык, ортомчулук жана башка компаниялардан турган шаар, илимий-техникалык комплекс;

34) фундаменталдык илимий изилдөөлөр - адамдын, коомдун, айлана-чөйрөнүн түзүлүшүнүн, иштешинин жана өнүгүүсүнүн негизги мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндө жаңы билимдерди алууга багытталган эксперименттик же теориялык иш.

3-берене. Илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жаппы таанылган принциптери жана ченемдери менен жөнгө салынат.

4-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин илим жаатындагы ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сунуштамасы боюнча илимий изилдөөлөрдү бюджеттик каржылоонун аткарылышы жөнүндө отчетту жана кезектеги мезгилге улуттук кирешенин жалпы көлөмүнөн илимди жана техниканы өнүктүрүүгө сарптоолордун үлүшүн бекитет.

5-берене. Илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги максаттары жана багыттары

Илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө жана социалдык, билим берүүчү, маданий жана башка көйгөйлөрдү чечүүгө илимдин, илимий-техникалык, илимий-инновациялык жана илимий-маалыматтык иштин салымын көбөйтүү;

2) илимий жана илимий-техникалык уюмдарды өнүктүрүү жана иштетүү үчүн зарыл шарттарды түзүү, ошондой эле аларды оптималдаштыруу;

3) өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн анын илимий жана илимий-техникалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана өнүктүрүү;

4) илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин социалдык кепилдиктеринин туруктуулугун камсыз кылуу жана жакшыртуу жана илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;

5) илимий-техникалык маалымат системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү;

6) илимий-техникалык маалымат ресурстарынын жалпыга жеткиликтүүлүгү үчүн зарыл шарттарды түзүү, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

7) илимдин ролун жогорулатуу жана илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти активдештирүү, илимий чыгармачылыктын эркиндигин өнүктүрүү.

6-берене. Илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери

Илим жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат төмөнкүдөй принциптерге негизденет:

1) илимий-техникалык прогресстин коомдун экономикалык, социалдык жана руханий өнүгүүсү менен тыгыз өз ара байланышы;

2) илимди, илимий-техникалык жана илимий-маалыматтык ишти башкаруунун ачыктыгы жана айкындыгы;

3) экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;

4) илимий-изилдөө иштеринин артыкчылыгы;

5) интеллектуалдык менчик укуктарын коргоонун бирдей шарттарын камсыз кылуу;

6) экономикалык жана башка жеңилдиктер системасы аркылуу илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти, техникалык чыгармачылыкты шыктандыруу жана дем берүү;

7) илимий, илимий-техникалык, илимий-инновациялык жана илимий-маалыматтык ишти уюштуруунун бардык формаларынын тең укуктуулугу;

8) илимий, билим берүү жана өндүрүштүк потенциалдын биримдиги жана оптималдуу интеграциясы;

9) илим, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга илимий жана илимий-техникалык иштин субъекттеринин кеңири жана активдүү катышуусу;

10) өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн дүйнөлүк илимдин жана эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн жана жетишкендиктерин максималдуу пайдалануу;

11) илимий-техникалык маалыматты жайылтуунун жана илимий-техникалык жетишкендиктерди жана инновацияларды пропагандалоонун эркиндиги.

2-глава. Илимий жана илимий-техникалык ишти уюштуруу

7-берене. Илимий жана илимий-техникалык иштин субъекттери

  1. Илимий жана илимий-техникалык уюмдар, илимий, илимий-техникалык кызматкерлер жана жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында мамлекеттик жөнгө салуу функциясын ишке ашыруучу мамлекеттик коллегиялуу илимий-эксперттик орган илимий жана илимий-техникалык иштин субъекттери болуп саналышат.
  2. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (мындан ары - УИА), тармактык жана тармактар аралык илимий-изилдөө уюмдары, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий-изилдөө институттары, илимий борборлор жана технопарктар, технополистер, илимий-өндүрүштүк бирикмелер, илимий-инновациялык борборлор, тажрыйбалык станциялар, илимий базалар, станциялар жана лабораториялар кирет.
  3. УИА УИАнын илимий-изилдөө институттарын, УИАнын мүчөлөрүн, УИАнын илимий кызматкерлерин, адистерин, тейлөөчү персоналын жана башка кызматкерлерин бириктирүүчү жогорку мамлекеттик илимий мекеме болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү багыттарды координациялайт.

УИАнын ишин уюштуруунун тартиби "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.

  1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында мамлекеттик жөнгө салуу функциясын ишке ашыруучу мамлекеттик коллегиялуу илимий-эксперттик орган болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын ишин уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.

8-берене. Илимий кызматкерлердин укуктары жана милдеттери

  1. Илимий кызматкерлер төмөнкүлөргө укуктуу:

1) республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программалардын жана долбоорлордун конкурстарына катышууга;

2) автордук укук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алар алган илимий жана илимий-техникалык натыйжаларга алардын авторлугун таанууга жана илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштин натыйжаларын коммерциялаштырууга;

3) өзүнүн илимий көз караштарын эркин билдирүүгө жана алардын чыгармачылык эркиндигине кол салуудан коргоого, интеллектуалдык менчикти коргоого, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын көз карандысыз экспертизалоого жана аларды ишке ашырууга;

4) алдынкы илимий-изилдөө уюмдарында, анын ичинде чет өлкөлөрдө такшалмадан өтүү, аспирантурада, докторантурада жана илимдин жана билим берүүнүн квалификациялык системасынын башка формаларында окуу, илимий/билим берүү уюмдарынын/донорлорунун эсебинен илимий форумдарга 3 жылда бирден кем эмес жолу катышуу аркылуу квалификацияны жогорулатууга;

5) чет өлкөлүк кесиптештери менен илимий маалыматтарды алмашууга жана биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, чет өлкөдөгү илимий уюмдарда иштөөгө жана белгиленген тартипте эл аралык илимий басылмаларда макалаларын жарыялоого;

6) илимий, анын ичинде чет өлкөлүк коомдоштуктарга кирүүгө же шайланууга;

7) илимдин артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен изилдөө тематикасын жана методдорун өз алдынча аныктоого;

8) жамааттарга эркин жана өз алдынча биригүүгө, юридикалык жакты жана илимий бирикмелерди, коомдук жана башка уюмдарды түзүүгө.

  1. Илимий кызматкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;

2) адамдын укуктарын жана эркиндиктерин бузбастан, башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен илимий ишти жүзөгө ашырууга;

3) илимий программаларга, долбоорлорго, квалификациялык илимий иштерге (диссертацияларга) жана илимий иштин башка натыйжаларына объективдүү экспертиза жүргүзүүгө.

  1. Илимий кызматкерлер ушул Мыйзамга ылайык төмөнкүдөй жоопкерчилик тартышат:

1) жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн багыты, методдору, аныктыгы жана алардын натыйжалары үчүн;

2) каржы каражаттарын максатсыз пайдалангандыгы үчүн;

3) кесиптик этиканын ченемдерин жана адеп-ахлактык баалуулуктарды бузгандыгы үчүн;

4) аларга берилген илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду, илимий жана илимий-техникалык натыйжаларды экспертизалоону жүзөгө ашырууга объективдүү эмес баа бергендиги үчүн.

9-берене. Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын укуктук статусу

  1. Илимий жана илимий-техникалык уюмдар ушул уюмдун уставында каралган максаттарга жана милдеттерге ылайык келген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар болуп саналат.
  2. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий жана илимий-техникалык уюмдарынын жана илимий-изилдөө институттарынын уставы анын уюмдаштыруучусу тарабынан бекитилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталат.
  3. Илимий жана илимий-техникалык уюмдар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзүнүн илимий жана илимий-техникалык ишинин негизги багыттарын аныктоого;

2) республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун конкурстарына катышууга;

3) башка илимий жана башка уюмдар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;

4) белгиленген тартипте бирикмелерге кирүүгө, филиалдарды түзүүгө;

5) илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялуу басылмаларды чыгарууга, илимий-техникалык маалыматтардын базасын түзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;

6) илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, адистерди аспирантура, докторантура, тармак боюнча PhD докторантура аркылуу даярдоону жүзөгө ашырууга;

7) окумуштуулук даражаны изденип алууга диссертациялык иштерди коргоо жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу боюнча кеңештерди түзүүгө белгиленген тартипте катышууга;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына жана долбоорлоруна катышууга;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чарбалык коомдорду, тажрыйбалык өндүрүштөрдү, технопарктарды, технополистерди түзүүгө жана илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын ишке ашыруудан киреше алууга;

10) илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу, илимий жана илимий-техникалык уюмдун ишин башкаруу чөйрөсүндө кабыл алынуучу чечимдердин коллегиялуулугун камсыз кылуу үчүн илимий-техникалык кеңеш түзүүгө.

  1. Жүзөгө ашырылып жаткан иштин сапатын жана заманбап талаптарга ылайык келишин камсыз кылуу үчүн илимий жана илимий-техникалык уюмдар мамлекеттик аттестациядан өтүүгө тийиш.

Илимий-техникалык уюмду мамлекеттик аттестациядан өткөрүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

  1. Мамлекет мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарга алардын уюштуруу документтеринде каралган иш үчүн пайдаланылуучу негизги, жүгүртүлүүчү фонддорду жана мамлекеттик мүлктү акысыз пайдаланууга берет.

Илимий уюмдардын ыкчам башкаруусуна берилген негизги жана жүгүртүүдөгү фонддор жана башка мамлекеттик мүлк максаттуу багыты боюнча пайдаланылууга тийиш.

Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар аларга берилген мамлекеттик менчикти уюмдун уставында белгиленген ишти, анын ичинде тажрыйбалык-конструктордук, өндүрүштүк, инновациялык жана коммерциялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн, материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү, инфратүзүмдү карап күтүү жана уюмдун кызматкерлерин социалдык колдоо үчүн алынган пайданы пайдалануу аркылуу колдонот.

  1. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарга Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык илимий, сыноо полигондорун (геоэкологиялык, физикалык, химиялык) уюштуруу үчүн жер участоктору бекер пайдаланууга берилиши мүмкүн.
  2. Берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдун жетекчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
  3. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тармактык аймактык бөлүмдөрдү, илимий-изилдөө уюмдарын, окуу-илимий, инженердик жана инновациялык борборлорду, технопарктарды, илимий-окуу-дарылоо комплекстерин түзүүгө укуктуу.
  4. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдардын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
  5. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий-изилдөө институттарынын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
  6. Мамлекеттик эмес илимий жана илимий-техникалык уюмдардын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартиби алардын уюмдаштыруучу документтери менен аныкталат.

10-берене. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарды түзүүнүн, кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби

  1. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
  2. Мамлекеттик эмес илимий жана илимий-техникалык уюмдарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу алардын уюмдаштыруучусунун (уюмдаштыруучуларынын) чечими менен жүзөгө ашырылат.
  3. Илимий жана илимий-техникалык уюмдар менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

11-берене. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий жана илимий-техникалык иши

  1. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдары билим берүү иши менен катар илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашырат, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди, анын ичинде интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды ишке ашырууну жүргүзөт.
  2. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдары, ошондой эле алардын илимий жана илимий-техникалык кызматкерлери республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программалар менен долбоорлордун конкурстарына катышууга укуктуу.
  3. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иши билим берүү уюмунун төрагадан, окумуштуу катчыдан жана илимдин багыттары боюнча жетектөөчү окумуштуулар болуп саналган мүчөлөрдөн турган илимий-техникалык кеңеши тарабынан башкарылат. Илимий-техникалык кеңешти түзүүнүн жана ишинин тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
  4. Илимий-техникалык кеңеш илимий гранттарды бөлүп берүүгө, илимий изилдөөлөрдүн деңгээлин жогорулатууга жана кесиптик жогорку билим берүү уюмунун ичинде илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жана алардын натыйжаларын өндүрүштүк жана социалдык чөйрөгө киргизүүгө ыйгарым укуктуу.
  5. Илимий гранттар илимий жана илимий-техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө бөлүнөт жана жогорку кесиптик билим берүү уюмунун жетекчилиги тарабынан бекитилген жана билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши менен макулдашылган сметага ылайык кесиптик жогорку билим берүү уюмунун атайын каражаттарынан каржыланат.

Кесиптик жогорку билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте илимий лабораторияларды, илимий-изилдөө институттарын, илимий-билим берүү борборлорун, тажрыйбалык өндүрүштөрдү, долбоорлоо-конструктордук уюмдарды, технопарктарды, технополистерди, ошондой эле илимий-билим берүү консорциумдарын, чарбалык коомдорду түзүүгө жана илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын ишке ашыруудан киреше алууга укуктуу.

  1. Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары илимий-инновациялык өнүгүү үчүн бизнес түзүмдөрү жана ишканалар менен биргелешип иштөө үчүн жайларды жана жер участокторду пайдалана алышат.
  2. Жогорку кесиптик билим берүү уюмдары атайын каражаттардын кеминде бир пайызын билим берүү уюмунун ичинде илимди өнүктүрүүгө бөлүүгө милдеттүү.

12-берене. Илимий кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо, такшалмадан өткөрүү, квалификациясын жогорулатуу жана аттестациялоо

  1. Квалификациялуу илимий кадрларга жана зарыл материалдык-техникалык базага ээ болгон илимий жана илимий-техникалык уюмдар, кесиптик жогорку билим берүү уюмдары илимий кызматкерлерди жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону, кайра даярдоону, такшалмадан өткөрүүнү жана квалификациясын жогорулатууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга укуктуу.
  2. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар, кесиптик жогорку билим берүү уюмдары илимий, илимий-техникалык кызматкерлерди жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону, кайра даярдоону, такшалмадан өткөрүүнү жана квалификациясын жогорулатууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашыра алат.
  3. Илимий жана илимий-техникалык уюмдар, кесиптик жогорку билим берүү уюмдары окумуштуулук даражаларды изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча кеңештерди түзүүгө белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
  4. Илимий кызматкерлер 5 жылда бирден кем эмес жолу аттестациядан өтүшөт. Илимий кызматкерлерди аттестациялоодон өткөрүүнүн тартиби илимий жана илимий-техникалык уюм тарабынан өз алдынча аныкталат.
  5. Кыргыз Республикасында илимдин докторунун, илимдин кандидатынын, философия докторунун (PhD), тармак боюнча доктордун окумуштуулук даражалары, профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдары белгиленет.
  6. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоону жүзөгө ашырат, белгиленген тартипте окумуштуулук даражаларды берет жана окумуштуулук наамдарды ыйгарат.
  7. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнү уюштуруунун жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

13-берене. Илимий кызматкерлерди социалдык жактан коргоо

  1. Мамлекеттик тапшырыкты аткаруучу мамлекеттик илимий, илимий-техникалык уюмдардын жана кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын илимий кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
  2. Илимдин докторлоруна, илимдин кандидаттарына жана PhD докторлоруна окумуштуулук даражасы үчүн эмгек акысына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте үстөк белгиленет.
  3. Илимдин докторлоруна узактыгы 48 жумушчу күн, илимдин кандидаттарына, PhD докторлоруна 36 жумушчу күнгө созулган акы төлөнүүчү эмгек өргүүсү берилет.
  4. Мамлекеттик илимий, илимий-техникалык уюмдардын жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жеңилдиктер берилет.
  5. Илимдин, илимий-техникалык жана инновациялык ишти, технологияны өнүктүрүүгө, аларды өндүрүшкө киргизүүгө салым кошкон, илимий, илимий-техникалык жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоодо айырмаланган илимий, илимий-техникалык уюмдардын жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий жана илимий-техникалык кызматкерлери сыйлоо максатында илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик сыйлыкты изденип алууга, көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана башка ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүлүшү мүмкүн.

3-глава. Илимий-техникалык маалыматтын укуктук негиздери

14-берене. Илимий-техникалык маалымат системасы

  1. Илимий-техникалык маалымат системасы аркылуу маалыматтык продукцияны жайылтуу жана сапаттуу деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар жүзөгө ашырылат, мамлекеттик маалыматтык борборлоруна, илимий китепканаларга маалыматтардын, мамлекеттик маалыматтык борборлоруна, илимий китепканаларга маалыматтардын, адабияттардын, мезгилдүү басылмалардын келип түшүүсү үчүн зарыл болгон колдоо көрсөтүлөт, илимий-техникалык маалыматтын ачыктыгына, жалпыга жеткиликтүүлүгүнө жана сакталышына көмөк көрсөтүлөт.
  2. Мамлекеттик, кызматтык же коммерциялык сыр болуп саналган маалыматтарды алууга жана таратууга жеткиликтүүлүктү чектөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын маалымат жаатындагы мыйзамдары менен аныкталат.

15-берене. Илимий-техникалык маалыматтын улуттук системасы

  1. Кыргыз Республикасынын илимий-техникалык маалыматтын улуттук системасы өзүнө төмөнкүдөй ресурстарды камтыйт:

1) илимий-техникалык китептердин, журналдардын жана брошюралардын, мезгилдүү жана улантылуучу басылмалардын, патенттик жана ченемдик-техникалык документтердин фонддорунун жыйындысын;

2) илимий изилдөөлөр жана техникалык иштеп чыгуулар жөнүндө отчетторду, диссертацияларды, чет өлкөлүк илимий-техникалык адабияттардын жана документтердин котормолорун жана дубликаттарын;

3) маалыматтар базасы жана банкы, анын ичинде зарыл болгон маалымдама-издөө аппараты жана мамлекеттик органдардын жана илимий-техникалык маалымат жана кызматтарынын, илимий жана эл аралык уюмдардын, китепканалардын, коммерциялык борборлордун, менчигинин түрүнө карабастан иши илимий-техникалык маалымат менен байланышкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын менчигинде, тескөөсүндө, пайдалануусунда болгон маалыматтарды сактоонун, иштетүүнүн жана берүүнүн тиешелүү техникалык каражаттары.

  1. Мамлекеттин каражатына түзүлгөн, илимий-техникалык маалыматтын мамлекеттик ресурстарын камтыган илимий-техникалык маалыматтын улуттук системасы коомдук кенч болуп саналат жана менчиктештирилүүгө тийиш эмес.
  2. Илимий-техникалык маалыматтын улуттук системасынын ресурстары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алынууга жана катталууга тийиш.
  3. Илимий-техникалык маалыматтын мамлекеттик ресурстарын түзүүнүн, алмашуунун, берүүнүн жана пайдалануунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жол-жоболоштурулат.

16-берене. Илимий-техникалык маалымат чөйрөсүндөгү укуктук мамилелер

  1. Илимий-техникалык маалымат менчик укугунун, ээлик кылуунун, пайдалануунун жана тескөөнүн объектиси болушу мүмкүн. Илимий-техникалык маалыматты түзүүгө катышууга жараша ал мамлекеттин, жеке менчик укугундагы кандай болбосун жеке жана юридикалык жактардын менчиги болушу мүмкүн.
  2. Мамлекеттин, ишканалардын, уюмдардын жана илимий-техникалык маалымат чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жарандардын илимий-техникалык маалыматтык ресурстары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынуучу товардык мамилелердин объекттери болушу мүмкүн.
  3. Илимий-техникалык маалыматтын менчик ээсинин жана керектөөчүнүн ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу негизги документ болуп алардын ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишим саналат.
  4. Сатып алууну-сатууну жүзөгө ашырууда илимий-техникалык маалыматты, интеллектуалдык менчикти, автордук укукту, мамлекеттик жана коммерциялык сырды, илимий-техникалык маалыматтын менчик ээлеринин жана маалыматтык продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү уюмдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык камсыз кылынат.
  5. Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк инвестицияларды жана ишкердик ишти жол-жоболоштуруучу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде илимий-маалыматтык ишке катыша алышат.

17-берене. Илимий-техникалык маалымат системасын пайдалануу

  1. Илимий-техникалык маалыматты керектөөчүлөр маалыматтык ресурстарды пайдаланууга бирдей укуктарга ээ. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалымат буга кирбейт.
  2. Илимий-техникалык маалыматтын ресурстары акысыз да, келишимдик (акы төлөнүүчү) негизде да берилет.
  3. Илимий-техникалык маалыматтын мамлекеттик системасынын уюмдары илимий-техникалык маалыматты издөөнү жана керектөөчүлөргө берүүнү акысыз негизде жүзөгө ашырат.
  4. Илимий-техникалык маалыматты талдоонун, баалоонун жана жалпылоонун негизинде илимий-техникалык маалыматтын мамлекеттик системасын уюштурууну даярдаган серептер, аналитикалык жана фактографиялык маалымкаттар, маалыматтык продуктулардын башка түрлөрү коммерциялык негизде ишке ашырылат, аларды мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун жогорку органдарына берүү акысыз жүргүзүлөт.
  5. Илим жана техника жаатындагы басма чыгармаларды агартуучулук максатта репродукциялоо пайда албастан жүзөгө ашырылат.
  6. Өз эсебинен түзүлгөн илимий-техникалык маалымат ресурстары бар менчиктин бардык формаларындагы ишканалар жана уюмдар маалыматтык продуктуларды жана кызматтарды келишимдик негизде беришет.
  7. Илимий-техникалык маалыматтын улуттук ресурстарын түзүү үчүн зарыл болгон чет өлкөлүк илимий-техникалык адабияттарды жана документтерди, маалыматтар базаларын жана банктарын сатып алуу өз ара алмашуу боюнча же болбосо маалыматтык ишти жүзөгө ашыруучу ишканалардын жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
  8. Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ишканалардын жана уюмдардын чет өлкөлүк илимий-техникалык маалымат ресурстарын түзүү үчүн каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде максаттуу багыт менен каралат.

4-глава. Илимий жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын компетенциясы

18-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин компетенциясы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) илимий, илимий-техникалык, илимий-инновациялык жана илимий-маалыматтык иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитет;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарды, анын ичинде башка мамлекеттер жана чет өлкөлүк уюмдар менен биргелешкен уюмдарды түзөт жана жоёт;

3) илимди жана илимий-техникалык маалымат системасын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча чараларды көрөт;

4) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишине дем берүүчү уюштуруучулук, экономикалык жана укуктук механизмдерди түзөт;

5) илимий жана илимий-техникалык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларды, келишимдерди түзөт, эл аралык илимий-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишин координациялайт;

6) илимий жана илимий-техникалык потенциалды калыптандыруу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн социалдык-экономикалык, уюштуруучулук, укуктук шарттарды камсыз кылат;

7) илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду каржылайт, ошондой эле бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдойт;

8) фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттары боюнча ресурстардын концентрациясын камсыз кылат;

9) илимий-техникалык продукциянын рыногун түзөт жана илимдин, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин жетишкендиктерин өндүрүшкө жана социалдык чөйрөгө киргизүүгө көмөк көрсөтөт;

10) кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын базасында адистештирилген илимий-изилдөө жана окуу-өндүрүштүк уюмдарды түзүүнү камсыз кылат;

11) мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдардын жетекчилерин дайындоонун жана бошотуунун тартибин аныктайт;

12) илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун тартибин аныктайт;

13) жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнү уюштуруунун жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруунун тартибин аныктайт;

14) улуттук илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программаларды түзөт;

15) көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны өткөрүүнүн эрежелерин жана уюштуруунун тартибин, алардын түзүмүн аныктайт;

16) илимий жана илимий-техникалык ишти базалык, программалык-максаттуу жана гранттык каржылоону ишке ашыруунун тартибин аныктайт.

19-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) илимий, илимий-техникалык, илимий-маалымат жана илимий-инновациялык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу, илим, илимий-техникалык, илимий-маалыматтык жана илимий-инновациялык иш жаатында тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашыруу;

2) мамлекеттик тапшырыктын алкагында мамлекеттик илимий, илимий-техникалык программалардын жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорунун тизмегин түзүү;

3) республикалык бюджеттен каржылануучу илимий, илимий-техникалык программалардын жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорунун конкурсун өткөрүү;

4) илим, илимий-техникалык, илимий маалыматтык жана илимий-инновациялык иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизүү;

5) тармактык мамлекеттик органдардын илимий-техникалык кеңештеринин ишин координациялоо;

6) мамлекеттик тапшырыктын алкагында ишке ашырылуучу илимий, илимий-техникалык программалардын жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;

7) илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону координациялоо;

8) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;

9) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын маалыматтар базасын түзүү;

10) илимий, илимий-техникалык программалар жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлору боюнча маалыматтар банкын түзүү;

11) республикалык бюджеттен каржылануучу илимий, илимий-техникалык программаларды жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорун жана алардын аткарылышы боюнча отчетторду мамлекеттик эсепке алууну уюштуруу;

12) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында Илимий-техникалык кеңешти түзүү;

13) илимий кызматкерлерди, окутуучуларды, адистерди окутуучулук жана илимий-изилдөө иштеринде, илимди жана билим берүүнү интеграциялоонун башка формаларында такшалмадан өтүүгө, айкалыштырып иштөөсүнө көмөктөшүү;

14) базалык каржылоо формасы боюнча илимий жана илимий-техникалык уюмдардын тизмесин аныктоо жана бекитүү;

15) илим жана инновациялар жаатында статистикалык жана маалыматтык камсыз кылууну уюштуруу;

16) илимий-техникалык уюмдарды мамлекеттик аттестациялоодон/аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартибин аныктоо;

17) кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий-изилдөө институттарынын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартибин аныктоо;

18) мамлекеттик илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программаларды жана долбоорлорду аткарууга мамлекеттик тапшырыкты түзүүнүн жана конкурс өткөрүүнүн тартибин жана механизмдерин аныктоо;

19) мамлекеттик илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программаларды жана долбоорлорду аткаруу боюнча эсепке алууну жүргүзүүнүн жана отчетторду кабыл алуунун тартибин аныктоо;

20) учурдагы кырдаалды талдоонун натыйжаларын жана көз карандысыз эксперттердин корутундуларын жана коомдук талкуулоону пайдалануу менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жана илимий-техникалык жактан өнүктүрүүнүн комплекстүү божомолунун негизинде илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңешке бекитүүгө киргизүү.

20-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлүүчү консультациялык орган болуп саналат.

Кеңеш илимди өнүктүрүү, илимий-техникалык жана инновациялык иштер менен байланышкан маселелерди кароодо мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине илимий-инновациялык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын актуалдуу маселелери боюнча сунуштарын берет.

  1. Кеңешти түзүү тартиби, курамы жана иш планы бир жыныстагы адамдардын 70%дан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
  2. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине илимди, илимий-техникалык жана инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды кароого киргизет.

5-глава. Илимдин жана илимий-техникалык иштин артыкчылыктуу багыттарын түзүү жана ишке ашыруу

21-берене. Улуттук, мамлекеттик жана мамлекеттер аралык илимий жана илимий-техникалык программалар жана долбоорлор

  1. Улуттук илимий жана илимий-техникалык программалар жана долбоорлор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жараша түзүлөт жана маанилүү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталат.
  2. Мамлекеттик илимий, илимий-техникалык программалар жана долбоорлор мамлекеттик тапшырыкка ылайык конкурстук негизде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
  3. Кыргыз Республикасы мамлекеттер аралык илимий, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде катышат.

22-берене. Илимий жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик тапшырык

  1. Тармактык мамлекеттик органдар мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программалардын жана фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн долбоорлорунун темаларын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
  2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү тармакта мамлекеттик тапшырыкты түзүү үчүн мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык, инновациялык программалардын жана долбоорлордун берилген темалары боюнча конкурс өткөрөт.
  3. Мамлекеттик тапшырык мамлекеттик каржылоо менен камсыз кылынат жана зарыл болгон материалдык-техникалык ресурстар менен колдоого алынат.
  4. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду аткарууга мамлекеттик тапшырыкты түзүүнүн жана конкурс өткөрүүнүн тартиби жана механизмдери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
  5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттен каржылануучу ишке ашырылып жаткан илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун эсебин жүргүзөт жана илимий-техникалык маалыматтын улуттук ресурсун, Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-техникалык потенциалын күчөтүү максатында илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштер жөнүндө отчетторду кабыл алат.
  6. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду аткаруу боюнча отчетторду эсепке алууну жүргүзүүнүн жана кабыл алуунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
  7. Республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун аткарылышы боюнча отчеттор ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аларды ишке ашырууга жооптуу тармактык мамлекеттик органдардын расмий сайттарына жайгаштырылууга тийиш.

23-берене. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза жүргүзүү

  1. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти, тиешелүү илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын түзүмүнүн жана мазмунунун илимий негиздүүлүгүн камсыз кылуу, илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашыруунун социалдык-экономикалык жана башка кесепеттерин аныктоо, илимий-техникалык потенциалды пайдалануунун натыйжалуулугун талдоо, изилдөөлөрдүн деңгээлин жана алардын натыйжаларын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
  2. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле адистердин, анын ичинде чет өлкөлүк адистердин катышуусу менен жүргүзүлөт.

3 Экспертиза жүргүзүүгө илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерди, адистерди, ошондой эле илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өкүлдөрүн тартуу контракттын (келишимдин) негизинде жүзөгө ашырылат.

  1. Экспертиза жүргүзүүгө каражаттар илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти каржылоого жалпы чыгымдардын көлөмүндө каралат.
  2. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизаны жүргүзүү эрежелери жана уюштуруу тартиби жана алардын түзүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

24-берене. Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык

  1. Илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иш чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык төмөнкү жол менен жүзөгө ашырылат:

1) биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, техникалык жана технологиялык иштеп чыгууларды, биргелешкен илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программаларды жана долбоорлорду жүргүзүү;

2) чет өлкөлүк адистердин, эл аралык уюмдардын катышуусу менен биргелешкен изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү, интеллектуалдык менчик объекттерин илимий-техникалык иштин субъекттеринин ортосундагы келишимдердин негизинде илимий-техникалык продукцияда пайдалануу;

3) илимий-техникалык маалыматтарды өз ара алмашуу, бириккен мамлекеттер аралык маалыматтык фонддорду, маалыматтар банктарын пайдалануу;

4) эл аралык конференцияларды, конгресстерди, симпозиумдарды өткөрүү;

5) илимий, илимий-техникалык жана окутуучулук кадрларды, студенттерди, аспиранттарды жана докторанттарды өз ара алмашуу, адистерди биргелешип даярдоо.

  1. Илимий, илимий-техникалык иштин субъекттери эл аралык программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катыша алат, чет өлкөлүк уюмдар менен макулдашууларды түзө алат, чет өлкөлүк жана эл аралык илимий коомдордун, ассоциациялардын жана бирликтердин ишине алардын мүчөлөрүнүн укугунда катыша алат, чет өлкөлүк уюмдар менен келишимдерди (контракттарды) жана башка макулдашууларды түзө алат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык симпозиумдарга жана башка иш-чараларга катыша алат.
  2. Кыргыз Республикасынын аймагында алынган эл аралык илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштин натыйжалары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пайдаланылат.
  3. Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк илимий уюмдардын жана окумуштуулардын иши Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.

6-глава. Илимди жана илимий-техникалык ишти каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

25-берене. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

Илимий жана илимий-техникалык уюмдарды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу илимий жана илимий-техникалык уюмдарды, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду, анын ичинде келишимдик негизде каржылоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

26-берене. Каржылоонун булактары

Илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын жылдык чыгашаларынын көлөмүнөн бир пайыздан кем эмесин түзгөн республикалык бюджети;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илим фонду;

3) бюджеттен тышкаркы фонддор;

4) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары;

5) насыялар жана гранттар;

6) илимий жана илимий-техникалык уюмдардын илимий-изилдөө, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка киреше алып келүүчү иштеринен түшкөн каражаттары;

7) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялар.

27-берене. Илимий жана илимий-техникалык ишти мамлекеттик каржылоо

  1. Илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду мамлекеттик каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) базалык каржылоо;

2) программалык-максаттык;

3) гранттык каржылоо.

  1. Базалык каржылоо илимий жана илимий-техникалык уюмдарга илимий инфратүзүмдү жана мүлктү, анын ичинде имараттарды, жабдууларды жана материалдарды учурда камсыз кылууга, кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө ченематтар боюнча бөлүнөт.
  2. Программалык-максаттуу каржылоо конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча улуттук жана мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга жүзөгө ашырылат.
  3. Гранттык каржылоо конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча илимий жана инновациялык долбоорлорду колдоого Кеңеш тарабынан аныкталуучу илимий багыттардын артыкчылыктарына ылайык жүзөгө ашырылат.
  4. Илимий жана илимий-техникалык ишти базалык, программалык-максаттуу жана гранттык каржылоону ишке ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
  5. Мамлекеттер аралык жана тармактар аралык илимий-техникалык келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде ишке ашырылуучу илимий жана илимий-техникалык программаларды каржылоо кызыкдар тараптардын ортосундагы келишимдик негизде үлүштүк катышуу тартибинде жүзөгө ашырылат.

28-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фонду

  1. Илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүгө көмөктөшүү, келечектүү иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фонду түзүлөт.
  2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондунун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

1) республикалык бюджеттин;

2) бюджеттен тышкаркы фонддордун;

3) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттарынын;

4) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялардын;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка келип түшүүлөрдүн.

  1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондунун каражаттары төмөнкүлөргө багытталат:

1) илимдин жана илимий-техникалык иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду, максаттуу илимий изилдөөлөрдү каржылоо;

2) конкурстук негизде илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин, илимий жамааттардын жана уюмдардын илимий изилдөөлөрүнө мамлекеттик тапшырык боюнча гранттарды каржылоого;

3) тармактар аралык илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди өнүктүрүүнү колдоого;

4) илимдин жана илимий-техникалык иштин келечектүү жана жаңы багыттары боюнча илимий кадрларды даярдоо программаларын ишке ашырууга, анын ичинде кадрларды чет өлкөлөрдө даярдоого;

5) илимий жана илимий-техникалык маалыматтарды (журналдарды, электрондук материалдарды жана башкаларды) жарыялоо, сатып алуу жана камсыз кылуу;

6) илимий форумдарды (конгресстер, конференциялар, симпозиумдар жана башкалар) өткөрүү жана аларга катышуу;

7) илимий инфратүзүмдү түзүү.

  1. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, менчигинин түрүнө карабастан кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерге, алардын жамааттарына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондунун каражаттарынын эсебинен грант алуу үчүн конкурска катышууга бирдей жеткиликтүүлүк камсыз кылынат.
  2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фонду жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

29-берене. Колдонмо илимий жана инновациялык изилдөөлөрдү, долбоорлоо-конструктордук жана технологиялык иштерди өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо жана алардын натыйжаларын өндүрүштө пайдалануу

  1. Өндүрүштү реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу үчүн жаңы техниканы жана технологияларды түзүүгө, өздөштүрүүгө жана кеңири жайылтууга багытталган колдонмо илимий жана инновациялык изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар келишимдик негизде жүргүзүлөт.
  2. Мамлекет илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий-инновациялык изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга бюджеттик каражаттардын эсебинен финансылык колдоо көрсөтөт.
  3. Мамлекет ички жана тышкы рыноктун керектөөлөрүнө ылайык өндүрүштүн техникалык деңгээлин жана продукциянын сапатын жогорулатууга, техниканын принципиалдуу жаңы түрлөрүн жана ресурстарды үнөмдөөчү экологиялык коопсуз технологияларды түзүүгө жана өздөштүрүүгө, ойлоп табууларды пайдаланууга көмөктөшөт.
  4. Өнүккөн илимий-техникалык потенциалы бар менчигинин түрүнө карабастан илимий жана илимий-техникалык уюмдар аларга максаттуу насыяларды жана субсидияларды, мамлекеттик тапшырыктарды жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык экономикалык дем берүүнүн башка түрлөрүн берүү жолу менен колдоого алынат.

7-глава. Корутунду жоболор

30-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

  1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Илимий-техникалык маалымат системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-октябрындагы № 108 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 99-ст.);

2) "Илимий-техникалык маалымат системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 16-мартындагы № 54 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 495-ст.);

3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын 17-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2862-ст.);

4) "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 16-июнундагы № 103 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 6, 506-ст.).

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

2) алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2023-жылдын 21-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган