Борбордук комитеттин Пленуму
2024-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин кезектеги Пленуму болуп өттү. Пленумга Борбордук комитеттин мүчөлөрү, кесиптик бирликтин областтык, шаардык, райондук комитеттеринин төрагалары жана Борбордук комитеттин аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышышты.
Пленумду Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы М.М.Примкулов ачты.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни жаңырды.
Пленумдун жумушчу органдары: президиуму жана катчылыгы шайланды, күн тартиби жана регламенти бекитилди.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
- Уюштуруу иштери:
1.1. КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин мүчөлөрүн анын курамынан чыгаруу жөнүндө.
1.2. КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин курамына анын жаңы мүчөлөрүн киргизүү жөнүндө.
1.3. КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиумунун мүчөлөрүн анын курамынан чыгаруу жөнүндө.
1.4. КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиумунун курамына жаңы мүчөлөрдү киргизүү жөнүндө.
- КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 2023-2024- жылдары аткарган иштери жөнүндө.
- КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө.
- “Билим жана илим кызматкерлеринин укугун коргоо боюнча райондук, шаардык, жогорку жана орто окуу жайларынын мыкты кесиптик бирлик комитети” республикалык тармактык кароо-сынагынын Жобосун бекитүү жөнүндө.
- Ар кандай маселелер:
5.1. Юбилярларды куттуктоо.
Пленум күн тартибиндеги биринчи маселе - уюштуруу маселелерин карады.
Пленумда Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин айрым мүчөлөрү кызмат ордуларынан бошоп кеткендиктерине байланыштуу анын курамынан чыгарылды.
Пленум Борбордук комитеттин мүчөлүгүнүн курамына областтык, шаардык жана райондук комитеттердин жаңы шайланган төрагаларын киргизди. Алар:
- Кесиптик бирликтин Баткен шаардык комитетинин төрайымы Сапарбаева Ырысбүбү Имаралиевна;
- Кесиптик бирликтин Каракол шаардык комитетинин төрайымы Акмолдоева Гүльдар Шавкатбековна;
- Кесиптик бирликтин Ысык-Көл райондук комитетинин төрагасы Курманбаев Эмил Бекенович;
- Кесиптик бирликтин Айтматов райондук комитетинин төрагасы Жумабеков Данияр Шейшенович;
- Кесиптик бирликтин Талас райондук, шаардык комитетинин төрайымы Осмоналиева Гүлсайра Болотбековна.
Пленум Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиумунун курамынан анын 2 мүчөсүн чыгарды.
Пленумда Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиумунун курамына И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Догдурбек уулу Назар жана Ош мамлекеттик университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Саттаров Абсамат Эрмаматович киргизилди.
Пленумда күн тартибиндеги “КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 2023-2024- жылдары аткарган иштери жөнүндө” маселе боюнча Борбордук комитеттин төрагасы М.Примкулов доклад жасады. Доклад азыркы заманбап жагдайда тармактык коомдук уюмдун өткөн мезгилдеги уюштуруу, укук жана эмгекти коргоо иштерин, социалдык- экономикалык, айлык акы маселелерин, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн ден соолуктарын чыңдоо жана эс алууларын уюштуруунун жыйынтыктарын камтыган “Социалдык өнөктөштүк: макулдашуулардын жана жамааттык келишимдердин аткарылышы» аталышындагы видеоролик аркылуу көрсөтүлдү. Төрага айрым маселелер боюнча кыскача түшүндүрмөлөрдү берди.
Пленум Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин 2025-жылга карата жылдык иш планын карады жана бекитти.
Пленум 2025 - жылы кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн укугун коргоого багытталган “Билим жана илим кызматкерлеринин укугун коргоо боюнча райондук, шаардык, жогорку жана орто окуу жайларынын мыкты кесиптик бирлик комитети” республикалык тармактык кароо – сынагын өткөрүү чечимин кабыл алды жана бул кароо-сынактын жобосун бекитти.
Күн тартибиндеги “Ар кандай маселелер” боюнча пленумдун катышуучулары жарыш сөзгө чыгышып, тармактык кесиптик бирликтин ишмердигине байланыштуу бардык маселелер боюнча ойлорун, пикирлерин, сунуштарын билдиришип, Борбордук комитеттин, областтык, шаардык жана райондук комитеттердин алдында турган орчундуу милдеттерге токтолушуп, аларды жогорку деңгээлде уюштуруу жана аткаруу, кесиптик бирликтин ишин мындан ары жогорулатуу жана жакшыртуу багытында биримдикти жана ынтымакты камсыз кылууга чакырып кетишти.
Жыйында билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигиндеги көп жылдык үзүрлүү эмгектери, анын өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымдары үчүн Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын кеңешчиси Токтогулов Асылбек Токтогулович жана билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин мурдагы төрайымы Султанбаева Гульша Улукмановна Борбордук комитеттин Ардак Грамоталары менен сыйланышты.
Пленумда өтүп бараткан 2024-жылы мааракелик жаштарга чыгышкан билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кочкор райондук комитетинин төрагасы Табалдиев Зарылбек Табалдиевич, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кара-Суу райондук комитетинин төрайымы Исраилова Нуржан Абдираимовна, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик технологиялык университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Абылаева Ажар Аманкалыевна Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин куттуктоо баракчалары жана баалуу белектери менен сыйланышты.
Пленумда күн тартибинде каралган бардык маселелер боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни жаңырды.
Ушуну менен Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин кезектеги пленуму өз ишин аяктады.