Жаштар кеңеши аракетте
2021-жылдын 25-ноябрында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун факультеттеринин студенттеринин арасында “Даанышман” интеллектуалдык оюнунун кезетеги таймашы “Таза жана акыйкат шайлоо – мамлекеттин намысы, кадыр баркы үчүн” аттуу ураанынын алкагында болуп өттү. Таймаш ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин жаштар кеңешинин төрагасы Адилет Усеновдун жетекчилиги менен КРнын Президентинин алдындагы Жалал-Абад шаардык Антикоррупциялык Ишкердик Кеңеши менен биргеликте уюштурулду.
Интеллектуалдык оюндун максаты студенттердин саясий сергек жашоо образын калыптандыруу жана маданий, эстетикалык, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү, туденттер арасында жарандык активдүүлүктү, ынтымакты, достукту жана биримдикти чыңдоо, жаштарды так жана жыйынтыктуу ойлоно билүүгө үйрөтүү, шайлоого олуттуу көз карашын калыптандыруу, билимин жогорулатуу, жаштардын коомдогу маанилүү ролун баса белгилөө болуп саналат.
Таймаш алдыда дагы бирдикте коом үчүн пайдалуу жана актуалдуу иш-чараларды уюштурууга, студенттердин топ болуп иштей билүү жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу башат болду. Таймаш жалпысынан 3 айлампадан (шайлоо тарыхы, шайлоо процесси, капитандар таймашы) болуп, оюн жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Ийгиликти багындырган командалар:
1-орун "Иммунитет" тобу (медицина факультети)
2-орун "Алтын-ордо" тобу (филология факультети)
3-орун "Ийгилик" тобу (экономикалык-юридикалык факултети)
"Мыкты капитан" наамынын ээси Маданов Даниэл (медицина факультети).
Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчү командалар диплом жана белектер менен сыйланышты. Аны өткөрүүгө университеттин кесиптик бирлик комитети көмөк көрсөттү.
Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова