ЖАМУ: “Жайкы эс алуу - 2021” өнөктүгү
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Медицина” факультетинин жамааты окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин “Жайкы эс алуу - 2021” өнөктүгүнө активдүү катышышууда.
Факультетте кесиптик бирлик уюмунун жүздөн ашык мүчөсү эмгектенет. Алардын дээрлик көпчүлүгү врачтар. Айрым кызматкерлер санитардык эпидемиологиялык абалга байланыштуу, ден соолуктун сакчылары катары, өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарышып, эл кызматында жүрүшөт. Ал эми уюштуруу иштерин факультеттин кызматкерлеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун жетекчиси Б.Кожобеков кесиптик бирликтин лидерлери менен биргеликте аткарышты.
Ошол эле учурда, “Жайкы эс алуу - 2021” өнөктүгүнүн алкагында педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин кызматкерлери айтылуу Кара-Алма жаңгак токоюнда жайгашкан эс алуу жайында болуп, абдан көңүлдүү дем алып келишти. Эс алууну факультеттин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун жетекчиси И.Алиев уюштуруп өткөрдү.
Аны менен бирге, Жалал-Абад колледжинин кызматкерлер жамаатын негизинен жаштар түзүп, баштапкы кесиптик бирлик уюмун жаш кесиптик бирликтин лидери А.Ыстамбаев жетектейт. Азаматтын уюштуруусу менен кызматкерлердин жамаатты жаратылышы өзгөчө болгон Кызыл-Үңкүр эс алуу жайында болду.
Алар үчүн кам көрүп, кыска мөөнөттүү болсо да эс алуу иш-чарасын ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети каржылады. Эс алып келген окутуучулар, кесиптик бирлик мүчөлөрү ыраазычылыктарын билдиришти. Эс алуу көңүлдүү өтүп, алган позитив ийгиликтерге шыктандыруусун каалайбыз!
Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова