Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ЖАМУ: Эки тараптуу келишим  иш жүзүнө ашууда

“Жалал-Абад” санаториясы дары суулары менен белгилүү болуп, дарылануу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн  санаториялардын  катарында тураарына  сыймыктанабыз!

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  кесиптик бирлик комитетинин “Жалал-Абад” санаториясынын жетекчилиги менен түзгөн эки тараптуу келишимдин негизинде окуу жайыбыздын кызматкерлери эмгек өрүүсүнө чыккан мезгилде өздөрүнө ыңгайлуу график боюнча жеңилдетилген баада жолдомолор менен камсыз болушуп, дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Ушул күндөрдө каалоочулар эс алып, ден соолугун чыңдап жүрүшөт. Эки тараптуу келишимдин ырааттуу ишке ашуусу  кесиптик бирлик комитетинин ачык айкын иш жүргүзүүсүнүн натыйжасы. Ден соолукта бололу!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова