Татыктуулар сыйланды
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинде профсоюздук ишмердүүлүктү уюштуруудагы жана аны тиешелүү деңгээлде жүргүзүүдөөгү иш аракеттери жана ушул тармакта көп жылдардан бери эмгектенип келе жаткандыгы эске алынып комитеттин үч кызматкери КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин сыйлыктары менен сыйланышты.
Комитеттин төрайымы М.Маткаримова КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин “Ардак грамотасы” менен сыйланды жана Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин баштапкы профсоюз уюмунун жетекчиси И.Алиев менен Административдик башкаруу кызматкерлеринин баштапкы профсоюз уюмунун жетекчиси А.Мирзахмедовалар КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин “Билим, илим профсоюзунун отличниги” төш белгисин алышты.
Сыйлыгыңыздар кут болсун! Профсоюздук ишмердүүлүктө үзүрлүү эмгектенип, ийгиликтерди жарата берүүнүздөрдү каалайбыз!
Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова