Эмгек укуктары боюнча тренинг: Жаштарга эмгек укуктарын үйрөтүү
2025-жылдын 28-мартында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча өкүлүнүн катчылыгы менен биргелешкен «Эмгек укуктары боюнча ачык сабактар» долбоорунун алкагында, Фридрих Эберт фондунун колдоосу жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин жардамы менен ыктыярчылар үчүн окутуу семинары өткөрүлдү.
Окутуу-семинарга Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Нарын мамлекеттик университетинин студенттери, университеттин кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары катышты.
Тренингде Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу сөз сүйлөп, аталган семинар жаштар арасында эмгек укуктары тууралуу түшүнүктү жогорулатуу максатында ыктыярчыларга эмгек укуктарын үйрөтүүнү, ал эми алар алган билимдерин 9-11-класстардын окуучуларына жеткирүү максатында уюштурулгандыгын белгиледи.
Ал эми Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин орун басары Айбек Кудайкулов эмгек укуктарын жаштарга түшүндүрүү, аларды туура жол менен коргоо үчүн мындай тренингдердин мааниси зор экениндигин жана бул билимдердин келечекте эмгек укуктарынын корголушуна чоң жардам берерин кошумчалады.
Тренингдин жүрүшүндө Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Жаштар Кеңешинин төрайымы Асель Сартпаева ыктыярчыларга долбоордун маанисин түшүндүрүп, студенттерге кесиптик бирликтин мааниси жана эмгек укуктары боюнча маалымат берди.
Тренингде катышуучулар Эмгек кодексинин негиздери, практикалык мисалдар жана интерактивдүү ыкмалар менен таанышуу менен катар, жаштардын жумушка орношуу процессинде кездешкен көйгөйлөр талкууланды.
Ал эми ыктыярчылар семинардан алган билимдерин 9-11-класстардын мектеп окуучуларына эмгек келишимин түзүү, стажировка жана убактылуу жумуштардагы укуктар, ошондой эле эмгек эксплуатациясынан коргоо маселелерин түшүндүрүү үчүн ачык сабактар өткөрүшөт.