“Мамлекеттик тил – кыргыз элинин улуттук дөөлөтү”
2021-жылдын 23-сентябында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин жана жаштар кеңеши Мамлекеттик тил борборунун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата “Мамлекеттик тил – кыргыз элинин улуттук дөөлөтү” аттуу студенттердин арасында акыл таймашы болуп өттү.
Таймашта мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү, студенттердин мекенчилдик, атуулдук активдүүлүгүн көтөрүү, окуу жайда мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу, ошондой эле кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын калыптандыруу, жаштарды мекенчилдикке үндөө жана тарбиялоого арналды жана ушун тегерегиндеги суроолорго жооп алынды.
Иш-чарада окуу жайдын ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов, КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Ч.Айдаров, ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрайымы М.Маткаримова сүйлөшүп, катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.
Акыл таймашына жалпы 5 команда катышышып, кафедранын профессору, ф.и.д. И.Абдувалиев, ф.и.к., доцент А.Кадырова, КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин жаштар кеӊешинин өкүлү Т.М.Бакиров, жаштар кеңешинин төрагасы А.Усенов эксперттик кылышып, катышуучулардын билимин баалашты. Жыйынтыгында, I орун Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин “Акыл кенчи», II орунду Табигый техникалык факультеттин «Бийиктик», III орунду Филология факультетинин «Алтын ордо» командаларына ыйгарылды. Андан сырткары, студенттер Раева Мадина, Акматов Жумабек, Кубанычбек уулу Амантур “Мыкты оюнчу”, ал эми Калыбек кызы Айгүмүш “Интеллектуал студент” номинацияларына ээ болушту. Таймаштын соӊунда жеңүүчү командаларды даярдаган окутуучуларга жана студенттерге баалуу белектер, сыйлыктар тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова