Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Мамлекеттик тил күнүнө карата декада

Мамлекеттик тил күнүнүн 32 жылдыгына карата Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 10 күндүк декада башталды.

Декаданын алкагында 20-сентябрь күнү окуу жайдын жаш окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери “Сабаттуу бол” акциясынын алкагында жат жазуу жазышат. Жобого ылайык жат жазуу иштери адистердин текшерүүсүнөн өтүп, мыкты жазган окутуучулар жана студенттер декаданын жыйынтыгында атайын сыйлыктарга ээ болушат.

Декада университеттин  Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулуп, анда “Сабаттуу бол” акциясы, “Иш кагаздардын жазылышы” аттуу семинар, онлайн тест, улуттук-тарыхый көргөзмө, кыргыз кино баяны жана улуттук спорт оюндары сыяктуу иш-чаралар менен коштолот.

Мындай саамалык окуу жайынын ректораты жана кесиптик бирлик уюму тарабынан колдоого алынды жана аны жыл сайын өткөрүүнъ салтка айландырууну белгилешти.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы