Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Кесиптик бирлик - коомдук басылмалар менен кызматташууда

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети тармактык профсоюздун ишмердүүлүгүн жогорку деңгээлге көтөрүү  максатында  коомдук басылмалар менен да кызматташууда. Жакында “Дилбар” кыз-келиндер гезитинин башкы редактору Мубара Абдилатипова менен комитеттин төрайымы Минавар Маткаримованын “Буюрса мүчөлөр дагы көбөйөт” деген теманын алкагында  болгон баарлашуусу жарык көрдү. Баарлашууда   төрайым  кесиптик бирликке кимдер мүчө боло алышынан тарта университеттин профсоюз уюмунун  жамааттагы орду, ишмердүүлүгүнүн  натыйжалуулугу, таасир этүү деңгээли, билим алып жатышкан  ар кандай катмардагы   студенттерибиздин укугун коргоо, колдоо көрсөтүү жагдайлары, окуу жайдын илимий потенциалын түзгөн илимдин  докторлору менен кандидаттарына администрация менен кесиптик бирлик тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоонун деңгээли, кызматкерлердин эмгек өргүүсү учурунда жана башка учурларда алардын эс алуусу жана ден соолугун чыңдоо маселелеринин уюштурулушу жана ишке ашырылышы тууралуу  маселелерди камтыган суроолоруна жооп берди. 

Окуу жайдын кесиптик бирлигинин мүчөлөрүнүн катары  бир калыпта сакталабы деген суроого  профсоюздук бюджетти көтүү максатында эмес, профсоюз менен бирге иштешүү стуленттердин коомдогу активдүүлүгун көтөрүүгө көмөктөшүү менен алардын лидерлик сапаттарын калыптандыраарын агийнелеген максатта студенттик профсоюздук ишмердүүлүктү колго алуу максаттуу экендигин баса белгиледи. Профсоюздук уюмдун келечегине ийгиликтерди каалайбыз!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова