Казахстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку билим берүү тутумдарын жакындаштырууга багытталган конференция өтүп жатат
Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Билим берүү министрлеринин "Борбор Азиядагы жогорку билим берүү аймагы: Аймактык кызматташтык, улуттук реформалар"деген аталыштагы конференцияга катышып жатат.
Конференцияга Борбор Азия өлкөлөрүнүн Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүнөн сырткары онлайн байланыш аркылуу 250дөн ашуун Европа уюмдарынын өкүлдөрү, Жогорку билим берүүдөгү сапатты кепилдөөчү агенттиктердин Европалык Реестри да катышууда.
Конференциянын максаты - Болон процессинин принциптери боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку билим берүү тутумдарын жакындаштыруу болуп саналат.
Конференциянын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын билим берүү, илим, академиялык мобилдүүлүк кызматташытктарын бекемдеген Альянс түзүлүп, меморандумга кол коюлат.
Конференция Казахстандын Туркестан шаарында өтүп жатат.
Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова