Кайрымдуулук акциясы уланууда
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин жаштар кеңешинин төрагасы А.Усеновдун уюштуруусу менен профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы "Философия жана гуманитардык илимдер" кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана "Социалдык иш" адистигинин студенттери 3-декабрь Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелгендерди камкордукка алуу күнүнө карата Жалал-Абад шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүштү.
Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова