Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Эки тараптуу келишим - аракетте!

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин уюштуруусу, каржылоосу менен кыргыз бермети Ысык-Көлүбүз ажарын ачып, кереметин төгүп турган күндөрдө, отуздан ашык кесиптик бирлик мүчөлөрүнөн куралган топ “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде эки тараптуу келишимдин негизинде үч күндүк эс алууда болуп келишти.

Алыскы жолдо көпчүлүктүн көңүлүн таап, каалагандай эс алдырып, барып келген айдоочуларга да абдан ыраазы болушту. Рух ордо этноборборуна, Кырчын жайлоосуна экскурсияга чыгуу эсте калаарлык болду дешет эс алуучулар.

Эс алуу абдан жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилеп “ЖАМУнун администрациясына, кесиптик бирлик комитетине, комитеттин төрайымы М.Ш.Маткаримовага, “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин жетекчилигине, тейлөө кызматына терең ыраазычылык билдириебиз”- дейт, эс алуучулардын атынан медицина факультетинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун мүчөсү, топтун аксакалы Т.Жусубалиев.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова