Эки элдин, өчпөс жылдызга айланган чыгаан уулдары
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз эл жазуучусу Жолон Мамытовдун жана Тажик эл жазуучусу Лоику Шералинин 80 жылдыгына карата онлайн конференция болуп өттү.
Иш-чара “Аймактардагы жана Ош шаарындагы жазуучулар” коомдук бирикмесинин демилгеси менен Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош бөлүмү жана аталаган окуу жай менен биргеликте кыргыз, тажик элдеринин достук мамилесин чыңдоо, эки элдик улуу акындарынын чыгармачылыгын даңазалоо максатында уюштурулду.
Конференцияга университеттин ректору, профессор Бекмурза Зулуев, “Аймактардагы жана Ош шаарындагы жазуучулар” коомдук бирикмесинин төрайымы Салима Шарипова, аталган коомдук бирикменин мүчөсү, философия илимдеринин доктору Венера Сабирова, “Достук” Тажик улуттук-маданий борборунун төрагасы Холикназар Алиназаров, КРдин ардактуу айымы, акын Малика Камилова Ассамблеянын Ош бөлүмүнүн адиси Гулбарчын Пусурова, Ассамблеянын алдындагы ар улуттук маданий борборлордун өкүлдөрү жана онлайн форматта Алтай, Тажик жергесинен да акындар катышышты.
Иш-чарада эки элдин достугу, каада-салттары, тарыхы жана акындары тууралуу кеңири сөз болуп, катышуучулар тарабынан атайын баяндамалар окулду. Ошондой эле эл акындары Жолон Мамытов жана Лоику Шералинин маңыздуу ырлары жаңырып, алардын чыгармачылыгы даңкталды.
Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун маалыматтык кызматы