Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Чыгармачыл топтор пикир алышты

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ош шаарындагы чыгармачыл топтордун катышуусунда тегерек стол өттү. Аталган иш-чара "Жаратман чыгармачылык борбору" коомдук бирикмесинин 10 жылдык мааракесине карата уюштурулду.

Тегерек стол "Чыгармачылык топтор, коомдук бирикмелердин коомдогу орду" аталышында болуп, ага Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Эльдияр Кадыркулов, Ош шаардык Жаштар иштери комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков жана тегерек столго "Кош канат" коомдук фонду, "Адеп башаты" диний уюму, "Өрнөк башаты"адабий коомдук бирикмеси, Дем" инновациялык тренинг борбору, "Достук" чыгармачыл борбору, "Таланттар китеби" тобу, ОшМЮИ, КӨАЭУ, ОшТУ, ОшМУ жогорку окуу жайларынын жаштар комитеттеринин төрагалары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө "ЖЧБ"нын негиздөөчүсүнүн бири Зайнидин Момонов, "Жигер" чыгармачыл жаштар борборунун президенти Дүйшөнбек Бектемир уулу жана "Ыйык Ата-Журт" коомдук жаштар фондунун мүдүрү Азизбек Садыков өз баяндамаларын жасашты.

Учурда өлкөнүн ар тараптан өнүгүп, жаштар демин бир багытка буруп, келечектин керегине жараган ишенимдүү жүзгө айлантуу үчүн чыгармачылык борборлордун орду чоң экени бүгүнкү тегерек столдо дагы бир ирет далилденди.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы