Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча 16 күндүк акция

Жалал-Абад шаарындагы жалпы орто билим берүү  мектептеринде зордук-зомбулуктун алдын алуу, гендердик теңчилик боюнча мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Иш-чарага Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын Жалал-Абад окүлчүлүгү , Жалал-Абад шаардык мэриясы, Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык камсыздоо,  миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитети жана Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери катышууда.

Белгилей кетсек, аталган акция Эл аралык эмгек уюмунун зордук-зомбулук жана куугунтук боюнча №190 конвенциясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясы тарабынан уюштурулган.

27-ноябрда башталган акция 16 күнгө созулуп, шаардагы жалпы орто билим берүү  мектептеринде зордук-зомбулуктун алдын алуу жана гендердик теңчилик боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитети