Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты тарбиячысы-2016» кароосунун женүүчүсү аныкталды

     Райондук билим берүү бөлүмү  менен кесиптик бирлигинин райондук комитетинин  ортосундагы МАКУЛДАШУУда  кесиптик  чыгармачылыкты өнуктүрүү  үчүн кароолорду өткөрүү белгиленип, жылына ситемалуу турдо ар турдүү жаныдлануулар менен өтүүдө.

      2016-жылдын 18-май  күнү  Ноокен районунун  №16 “Наристе” бакчасынын базасында «Жылдын мыкты  тарбиячысы-2016»  кароосунун райондук  туру откорулуп,  анда  айыл аймактар этабынан  женүүчү болгон  8 тарбиячылар катышты. Быйылкы жылда кароолорду уюштурууда калыстар  тобу кароого катышкан  тарбиячылардын  сабактарын жана  иш  тажрыйбаларын алрдын бакчаларына  барып баалашты. Жыйынтыктоочу этабында тарбиячылар коргозмо куралдарын  жакташып, мастер  класстар откорушту.

     Кароонун катышуучуларынын ортосундо чон  атаандаштык болуп, №14 “Нооруз”  бакчасынын тарбиячысы Айтбаева Шазада Сабиржановна «Жылдын мыкты  тарбиячысы-2016»  кароосунун женүүчүсү деп табылды  жана Ысык-Көлго жөлдөнмө менен сыйланды.  Катышуучулар жайкы мезгилде эс  алуу  үчүн жөлдөнмөлөр жана  “Ардак  Грамота”лар менен сыйланышты.

      Кароонун жыйынтыгында  суйлогон бакчалардын  директорлору, тарбиячылары, демөөрчүлөр уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдирип, кесиптик чыгармачылыктарды  өркүндөөнтүүгө өбөлгө болуп  жаткандыгын белгилешти.

Материалды даярдаган: Ноокен  райКБКнын тескөөчүсү-А.Айдаров.

 

Кароо-сынактын  катышуучулары райондук жетеекчилер  менен

Жылдын мыкты  тарбиячысы-2016»  кароосунун женүүчүсү-№14 “Нооруз”  бакчасынын тарбиячысы Айтбаева Шазада Сабиржановна