Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жылдын мыкты мугалими аныкталды

      2017-жылдын 15-16-мартында Сүлүктү шаарында “Жылдын мыкты мугалими - 2017” кароо сынагы болуп өттү. Сынактын жобосу алдын ала шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулкаанасы тарабынан түзүлүп баардык билим берүү мекемелерине таркатылып берилди. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн буйругу менен калыстар тобу жана жобосу бекитилди.

      Калыстар тобунун төрайымы Сүлүктү шаарынын вице-мэри М.Э.Сапаркулова, мүчөлөрү ШБББнүн башкы адиси Н.Джапарова, ШПК төрагасы К.Кудаяров, усулкаана башчысы Т.Каюмова жана усулчу Г.Мадаркуловалар калыстык менен баа беришти.

      Кароо сынакты өткөрүүнү уюштуруу жана каржылоо жагын Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитети аткарды.

      Сынакка жалпы билим берүү уюмдарынан 8 мугалим катышышты. Сынак эки тур менен өткөрүлүп, 1-турунда сабактар, иш кагаздары жана педагогикалык-психологиялык тестирлөө болду. 2- тур жыйынтыктоочу болуп, “Менин чыгармачылыгым жаңылануу багыты менен” аттуу көргөзмө, өзүн – өзү чыгармачыл тааныштыруу (презентация), кырдаалдык суроолор, мастер класс, жана жеке кызыгуулары (Хоббиси) сыяктуу тапшырмалар менен бааланышты.

      Жыйынтыгында Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Жалилова Толгонай Гран-При жеңип алды, диплом жана акчалай сыйлык 3000 сом менен сыйланды. 1-орунга Н.Кушматов атындагы №9 мектеп гимназиясынын башталгыч класс мугалими Ахматова Кымызай ээ болуп, 1-даражадагы диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык, 2-орунга Т.Рустамов атындагы №5 орто мектебинин башталгыч класс мугалими Вахабова Зилола ээ болуп, 2-даражадагы диплом жана 1500 сом акчалай сыйлык, 3-орунга Токтогул атындагы №2 ЖББ тех.лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тагаева Сапаргүл ээ болу жана 3-даражадагы диплом жана 1000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Калган катышуучуларга да өздөрүнүн жөндөмү чыгармачылыктарына жараша “Новатор мугалим”, “Публиканын урматтоосуна ээ болгон мугалим”, ж.б. номинациялар ыйгарылып баалуу белектер берилди.

Сыйлыктарды тапшыруу менен бирге Насаатчы аксакал мугалимдерибиз келечектеги мыкты мугалимдерге ак баталарын беришти.

Билим берүү кызматкрелеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитети.