Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты уюштуруучусу - 2021»

Уюштуруучулардын ишин баалоо, эң мыкты, таланттуу, чыгармачылык менен иштеген уюштуруучуларды табуу, аларга колдоо көрсөтүү, окуучуларды рухий адеп-ахлакта тарбиялоо, жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, суициддин, рэкетчиликтин, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында Ноокен районунун мектептеринин уюштуруучуларынын арасында кароо-сынак жарыяланып, анда 2 этапта өттү.

Масы айыл өкмөтүнө караштуу Я.Мирзаходжаев атындагы №29 орто мектебинин базасында сынактын 2-этабына өткөн 7 уюштуруучу билимдерин сынашты.

Кароо-сынак төмөнкүдөй шарттар боюнча өткөрүлдү:

  1. Өзүн-өзү тааныштыруу;
  2. КР Президентинин “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы” жөнүндөгү Жарлыгы боюнча иш-чаралар;
  3. Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар;

Жыйынтыгында эң мыкты деп жеңүүчү аталган катышуучулар Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин диплому, Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Андан сырткары кесиптик бирлик тарабынан жеңүүчүлөрдүн жана катышуучулардын эс алуулары уюштурулат.

I орунга №11 Э.Алиев атындагы орто мектебинин уюштуруучусу Б.Тиленбаева.

II орунга №25 “Кызыл-Туу” орто мектебинин уюштуруучусу К.Ташматова.

III орунга №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин уюштуруучусу А.Абдрасулова ээ болушту.

 

 

Материалды даярдаган: Я.Мирзаходжаев атындагы №29 орто мектебинин профкому С.Абдурахимова