"ЖЫЛДЫН МЫКТЫ УСУЛКААНАСЫ-2024"
Кара-Суу районунда алдыңкы чыгармачылык менен иштеп жатышкан мектептер арасында "ЖЫЛДЫН МЫКТЫ УСУЛКААНАСЫ-2024" кароо-сынагы өткөрүлдү.
Ага ар бир айыл аймактан бирден жалпы билим берүүчү мектептер катышып, жыйынтыгында 1-орунду Жоош айыл аймагындагы №42 “Маданият” орто мектеби, 2-орунду Ала-Тоо айыл аймагындагы №83 А. Навои жана Манас айыл аймагындагы N39 А.Султанов атындагы орто мектептери, 3-орунду Баш-Булак айыл аймагындагы №109 А. Муратов жана Отуз-Адыр айыл аймагындагы №12 Отуз-Адыр орто мектептери ээлешти.
Катышуучулар кызыктыруучу сыйлыктар ээ болушту. Жеңүүчүлөр Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин диплому жана баалуу белектери менен сыйланышты.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кара-Суу райондук комитети