“Жылдын мыкты тарбиячысы”
Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “Жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынагы мыкты уюшкандыкта болуп өттү.
Жыйынтыгында 1-орунга: Шарк айыл аймагындагы “Раян” МЧББУнун тарбиячысы - Жолдошбаева Гүлсана;
2-орунга: Нариман айыл аймагындагы “Ак жол балдары” МЧББУнун тарбиячысы Мирзожанова Мохидил;
3-орунга: Жоош айыл аймагындагы “Мөлтүр тамчы” МЧББУнун тарбиячысы Аманбаева Нуриза, ал эми “Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси” номинациясы боюнча 1-орунга Мады айыл аймагындагы “Ханбийке” МЧББУнун музыка мугалими - Кожомбердиев Дастанбек , “Жылдын мыкты усулчусу” номинациясы боюнча Кара-Суу шаарындагы “Баластан нуру” МЧББУнун усулчусу - Ысакова Айнура 1-орунга ээ болуп, сынактын облустук этабына катышууга жолдомо алышты.
Катышуучуларга райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук кесиптик бирлик комитетинин диплом жана баалуу белектери тапшырылды, ал эми 1-орунга ээ болгон педагогдорго кесиптик бирлик комитети тарабынан Ысык-Көлдөгү “Красная гвоздика” эс алуучу жайына акысыз жолдомолор берилди.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кара-Суу райондук комитети