Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жылдын мыкты мугалими аныкталды

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген Жылдын мыкты мугалими кароо-сынагынын экинчи этабы 2022-жылдын 8-9-апрелинде Кадамжай жергесинде жыйынтыкталды.

Аталган кароо-сынакка Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Орозбаев, кесиптик бирликтин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, райондук окуу усулдук канаасынын башчысы А.Сарымсаков тарабынан уюштурулду.

Алгач конкурстун катышуучуларынын табыштамалары кабыл алынып, аларга чучукулак аркылуу катышуучулардын катар номери аныкталып календардык  тематикалык планга ылайык сабак өтүлүүчү класстары жана сабактын темалары бир жума мурда  аныкталды.

Чучукулактын негизинде сабактар жана класстар аныкталгандан кийин А.Масалиев атындагы орто мектебинде катышуучулардын ачык сабактары өткөрүлдү. Ага тиешелүү предметтер боюнча райондун алдыңкы тажрыйбалуу мугалими Исакова Гүлмира жана БатМУ кафедрасынын улук окутуучусу Кайымова Фарида, Суюнова Айкөкүл, Давранова Гүлчехра түзүлгөн атайын комиссия тарабынан мугалимдердин сабактары бааланды.

9-апрель күнү Молдо Нияз гимназия мектебинде негизги жыйынтыктоочу бөлүгү катышуучулардын педагогикалык презентациясы жана уюштуруучулар тарабынан түзүлгөн тесттер жана мастер класс көргөзүштү.

Катышуучулардын билим жана билгичтиктерин, педагогикалык чыгармачылыктары менен жөндөмдүүлүктөрүн калыстар тобу баалашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр тиешелүү даражадагы диплом жана наамдар менен сыйланышып, кесиптик бирлик тарабынан уюштурулган баалуу сыйлыктарга ээ болушту.

1-орунду «Өрүк-Зар» мектебинин физика жана математика мугалими Үрүстөм кызы Арзыкан ээлеп, 1-даражадагы “Эң мыктынын мыктысы”диплом жана электр духовкасы менен сыйланды. 2-орунду М.Нияз атындагы мектеп гимназиясынын англис тили  мугалими Тургунова Багдагүл багынтып, 2-даражадагы”Педагогикалык дебют” диплом жана электр духовкасына ээ болду. 3-орун Кадамжай райондук лицей мектебинин англис тили мугалими Асанов Өмүрбекке  «Жылдын мыты мугалими -2022” диплом жана электр духовкасы менен сыйланды.

Калган мугалимдер да активдүү катышканы эске алынып Ардак грамоталарга жана баалуу белектерге ээ болушту.

Сыйлыктарды жана наамдарды Кадамжай райондук Мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары М.М.Асанова, Кадамжай  билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Орозбаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Момошов тапшырышып, катышуучуларды куттукташты.

Бул иш-чара жыл сайын уюштурулуп келет. Ал эми уюштуруу иштерине жана мугалимдерди колдоп, кызыктыруу жана түрткү берүү максатында баалуу сыйлыктарга буга чейин жергиликтүү бюджеттен да кошумча салым кошулуп келген болсо, бул жылы толугу менен кесиптик бирликтин эсебинен каржыланып бардык катышуучуларга жай айына көгүлтүр Ысык-Көлгө беш күндүк жолдомолор тапшырылды.

Кароо сынак жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү. Кароо сынактын катышуучулары жана күйөрмандар уюштуруу тобуна дана демөөрчүлүк кылган кесиптик бирлик комитетине ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кадамжай райондук КБКнын уюштуруучу адиси У.Халилова