Жылдын мыкты мугалими аныкталды
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген Жылдын мыкты мугалими кароо-сынагынын экинчи этабы 2022-жылдын 18-мартында Сүлүктү шаарында жыйынтыкталды.
Аталган кароо-сынак Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген жобого ылайык Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү жана кесиптик бирликтин шаардык комитети тарабынан уюштурулду.
Алгач конкурстун катышуучуларынын табыштамалары кабыл алынып, аларга чүчүкулак аркылуу предметтери жана сабак өтүлүүчү класстары аныкталды.
Чучукулактын негизинде сабактар жана класстар аныкталгандан кийин В.И.Ленин атындагы орто мектебинде катышуучулардын ачык сабактары өткөрүлдү. Ага тиешелүү предметтер боюнча шаардын алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдеринен жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн адистеринен түзүлгөн атайын комиссия тарабынан мугалимдердин сабактары бааланды.
18-март күнү шаардык маданият сарайында негизги жыйынтыктоочу бөлүгү катышуучулардын педагогикалык презентациясы жана уюштуруучулар тарабынан түзүлгөн темалар боюнча мастер класс көргөзүштү.
Катышуучулардын билим жана билгичтиктерин, педагогикалык чыгармачылыктары менен жөндөмдүүлүктөрүн калыстар тобу баалашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр тиешелүү даражадагы диплом жана наамдар менен сыйланышып, кесиптик бирлик тарабынан уюштурулган баалуу сыйлыктарга ээ болушту.
"Жылдын мыкты мугалими – 2022" наамына Токтогул атындагы жалпы билим берүүчү техникалык лицейинин башталгыч класс мугалими Рахманова Каныкей татыктуу болуп, Гран при дипломуна жана samsung плазмалык түстүү телевизор менен сыйланды.
1-орунду Т.Рустамов атындагы №5 орто мектебинин кыргыз тили мугалими Нишанова Феруза ээлеп, 1-даражадагы диплом жана кир жуучу машина менен сыйланды. 2-орунду Н.Кушматов атындагы №9 мектеп гимназиясынын математика мугалими Абдурашитова Алтынай багынтып, 2-даражадагы диплом жана микро толкундуу мешке ээ болду. 3-орун И.Раззаков атындагы №7 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Сейитова Назгүлгө ыйгарылып, диплом жана чаң соргуч менен сыйланды.
Калган мугалимдер да активдүү катышканы эске алынып, "Реформатор мугалим", "Илеяларга бай мугалим", "Таланттуу мугалим" жана "Кесипкөй мугалим" наамдары менен баалуу белектерге ээ болушту.
Сыйлыктарды жана наамларды шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Т.Каюмова менен Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.Кудаяров тапшырышып, катышуучуларды куттукташты.
Бул иш-чара жыл сайын уюштурулуп келет. Ал эми уюштуруу иштерине жана мугалимдерди колдоп, кызыктыруу жана түрткү берүү максатында баалуу сыйлыктарга буга чейин жергиликтүү бюджеттен да кошумча салым кошулуп келген болсо, бул жылы толугу менен кесиптик бирликтин эсебинен каржыланды.
Кароо сынак жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү. Кароо сынактын катышуучулары жана күйөрмандар уюштуруу тобуна дана демөөрчүлүк кылган кесиптик бирлик комитетине ыраазычылык билдиришти.
Маалыматты даярдаган: Сүлүктү шаардык КБКнын төрагасы К.Кудаяров