Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын мыкты мугалими -2024”

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, Айтматов райондук билим берүү бөлүмү тарабынан жаш муундарга билим берүүдө заманбап билим берүү технологияларын жана ыкмаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу тажрыйбага ээ таланттуу, чыгармачыл педогогдорду аныктоо максатында уюштурулган “Жылдын мыкты мугалими-2024”, «Жылдын мыкты тарбиячысы – 2024», кароо-сынагынын райондук туру болуп өттү.

“Жылдын мыкты мугалим -2024”, «Жылдын мыкты тарбиячысы – 2024» кароо-сынагында Айтматов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.У. Жармамбетова жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Айтматов райондук комитетинин төрагасы Д.Ш. Жумабеков мугалимдерге, тарбиячыларга  жакшы каалоо-тилектерин айтышты.

Айтматов районундагы жалпы билим берүү мекемелеринен, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан катышкан 59 талапкердин арасынан (жаңы жобого ылайык) 28 “мыкты мугалим, тарбиячылар” райондук турдун тапшырмаларын чыгармачылык менен аткарышты.

Кароо-сынактын бардык катышуучуларына Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Айтматов райондук комитети тарабынан Ардак грамоталар, баалуу сыйлыктар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Айтматов райондук комитети