Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Жылдын мыкты мугалими - 2022" кароо-сынагы

29-30-апрель күндөрү Баткен шаарында "Жылдын мыкты мугалими-2022" кароо-сынагынын областтык туру болуп өттү. Бул конкурска Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорунан жана Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Баткен шаарларынан мыкты деп тандалган мугалимдер катышып өздөрүнүн мыкты педагог жана көп кырдуу талант экендиктерин далилдешти.  Жыйынтыгында баардык катышуучулар Баткен областтык усулдук борборунун дипломдору жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин баалуу белектери жана баардык катышуучулар "Жалал-Абад" санаториясына жолдомолор менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: областтык КБКнын уюштуруу иштери боюнча адиси Гапарали у.Мансур