Жылдын мугалими тандалды
2021-жылдын 22-23-апрель күндөрү Ала-Бука районундагы сегиз айыл аймактарында «чыгаан мугалим» конкурсунун экинчи туру өткөрүлүп мыкты деп табылган 13 мугалим райондук турга жолдомо алып 20-майында райондук турга катышты. «Чыгаан мугалим» конкурсу Жоробаев атындагы №9 жалпы билим берүүчү орто мектебинде өткөрүлүп калыстар тобунун чыгарган жыйынтыгы боюнча калыстар тобунун төрагасы К.Сатаров конкурстун катышуучуларынын аракеттери жана чыгырмачылыктарына кеңири токтолуп толкунданып турган катышуучулардын алган упайларын жана ээлеген орндарын угузду.
Катышуучулардан биринчи орунду Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими Дооронова Элиза, экинчи орунду Балтагулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Джумабаева Саадатт, үчүнчү орунду Айры-Там гимназия мектебинин мугалими Ашырматова Замираларга ыйгарылды.
Жыйынтыгында райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдукулова Чынары Абдыкапаровна жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Дурусалиев Жакыпбай Тургуналиевичтер куттуктоо сөздөрүн айтып профсоюз комитети тарабынан уюштурулган баалуу белектерди жана дипломдорду тапшырышты.
Катышуучулар жана күйөрмандар ыраазы болуп тарады.
Маалыматты даярдаган: уюштуруу тобу