Жыл жыйынтыкталды, жаңы милдеттер коюлду
24-февраль күнү Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кызыл-Кыя шаардык комитетинин кеңейтилген пленуму болуп өттү. Анда шаардык комитеттин 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгы каралды.
Пленумдун ишине шаардын мэри Маткалыков Асилбек Жоробаевич социалдык өнөктөш катары катышып, кесиптик бирликтин ишине ишине ийгилик каалап, жакшы тилектерин, мугалимдерге болгон чоң ишенимин билдирди.
Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кызыл-Кыя шаардык комитетинин төрайымы М.Буванова бир жылда аткарылган иштер боюнча маалымат жасады.
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кызыл-Кыя шаардык комитети 2021-жылда өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын кесиптик бирликтер жөнүндө мыйзамына, билим жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитетинин уставына жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кызыл-Кыя шаардык комитетинин жобосуна ылайык жүргүзүп келди. Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кызыл-Кыя шаардык комитетинде акыркы маалыматы боюнча 1105 мүчөсү бар. Алар 29 баштапкы кесиптик бирлик уюмдарына бириктирилген. Алардын ичинде 13 мектептин, 14 бала бакчанын, 1 мектептен тышкаркы билим берүү мекеме жана билим берүү бөлүмүнүн аппараты.
Отчёттук мезгилде кесиптик бирликтин шаардык комитетинин сунушу менен кесиптик бирлик мүчөлөрү төмөнкүдөй сыйлыктарга ээ болушту:
КРнын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин “Профсоюздук кыймылдын мыктысы” төш белгисине - 9 мугалим, Ардак грамота менен – 7 мугалим сыйланган.
Баштапкы профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында айрыкча жаш профкомдор менен “Профком бул ким?”, “Анын коомдогу ролу жана анын ишмердүүлүгүн кантип жогорулатабыз”, “Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун иш планын кантип түзөбүз”, “Кесиптик бирлик отурумдарын, чогулуштарын өткөрүү тартиби жана токтомдору кандай жазылат”, “Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун номенклатурасы”, КРнын “ Эмгекке жана билим берүүгө тиешелүү мыйзамдары жана билим берүүгө тиешелүү Өкмөттүн токтомдору менен тааныштыруу”, “Социалдык өнөктөш деген эмне? ”, “Эки тараптуу келишимдер кандай түзүлөт”, “Пенсия – карылыктын кепили” жана башка темалар боюнча такай семинарлар өткөрүлүп, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык жактан укуктарын коргоодо профкомдордун сабаттуулугун жогорулатууда иш алып барылды.
Азыркы күндө бардык баштапкы кесиптик бирлик уюмдары өнөктөштөрү б.а. билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен үч жылга мыйзам чегинде келишимдерди эмгек жамааттары менен талкуулап кабыл алууга, баштапкы профсоюз уюмдарынын иш кагаздары бир кыйла иретке келип, алар менен сабаттуу иштөөгө жетишилди.
Эки тараптуу келишимдер жылдан жылга сапаты жакшырып, мугалимдердин социалдык маселелерин чечүүдө жакшы жыйынтыктарды берүүдө.
Шаардык профсоюз комитети, шаардык билим берүү бөлүмү жана шаардык мэриянын ортосунда социалдык өнөктөштүк боюнча мыйзамдарга ылайык үч тараптуу макулдашуулардын аткарылышы да талаптагыдай экендиген белгиленди.
2022-24-жылдарга Үч тараптуу макулдашуу түзүлүп колдор коюлду, анын негизинде шаардагы билим берүү мекемелеринин өткөн окуу жылындагы жетишкендиктери жана жаңы окуу жылына даярдыктары” кароо сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү, окуу жылдын жыйынтыгынын негизинде Республикалык олимпиадада байгелүү орунду ээлеген окуучуларды даярдагандыгы үчүн мугалимдерди чет өлкөгө путевка менен камсыз кылуу белгиленди, мындан ары да бул багыттагы иштер улана берет.
Мындан тышкары эмгек жамааттарынын 4 жолу - жаңы жыл, мугалимдер күнү, 23-февраль жана 8-март майрамдарына жана жайкы эс алууларына да акча каражаттары дайыма бөлүнүп келет.
Ошондой эле мугалимдердин мектептер аралык шаардык спартакиадасын өткөрүп, уюштуруу иштерине, жеңүүчүлөрдү сыйлоого жана “Шаардагы билим берүү мекемелеринин өткөн жыл ичиндеги жетишкендиктери жана жаңы окуу жылына даярдыгы” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоого акча каражатын бөлүп берүү салтка айланган.
Шаардык билим берүү бөлүмү менен бирдикте “Жыл мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы”, “Мыкты профсоюз лидери” кароо-сынактары өткөрүлүп, профсоюздук бюджеттин эсебинен баалуу белектер же акчалай жеңүүчүлөр сыйланып келүүдө.
Президиумдун чечими менен №5 орто мектебинин жааматы, №3 балдар бакчасынын жааматы компьютер, №2 орто мектебинин жааматы, №8 балдар бакчасынын жааматы түстүү принтер, билим берүү бөлүмүнүн жааматы муздаткыч менен сыйланышты.
Эң мыкты кесиптик бирлик лидери болуп №5 балдар бакчасынын кесиптик бирлигинин төрайымы Ярашева Патмахан, №11 орто мектебинин кесиптик бирлигинин төрайымы Ташева Нурхан уюлдук телефондор менен сыйланышты.
Маалыматты даярдаган: Кызыл-Кыя шаардык комитетинин төрайымы М.Буванова