Жыл жыйынтыгы каралды
2022-жылдын 21-январында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги президиумунун жыйыны иштиктүү маанайда өткөрүлдү.
Анда төмөндөгү маселелер каралды:
- 2021-жылда аткарылган иштердин маалыматы жана жыйынтыктары. 2022-жылдын негизи багыттары жана милдеттери.
- Обкомдун 2022-жыл үчүн иш-планын бекитүү.
- 2021-жылдын жыйынтыктарына ылайык кароо-сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө.
- Борбордук Комитеттин 27.12.2021-жыл № 01-8/90 кайрымдуулук жардам көрсөтүү боюнча катын кароо жөнүндө.
- Борбордук Комитеттин 2021-жыл 23-декабрындагы президиумунун токтомдорун ишке ашыруу жөнүндө.
- Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун иштөө тартиби жана регламентин бекитүү жөнүндө.
- 2021-жылга сметанын аткарылышы жана 2022-жыл үчүн сметаны бекитүү жөнүндө.
- Ар түрдүү маселелер.
Жыйынды кириш сөз менен обкомдун төрагасы А.Исмаилов ачып, катышуучуларды жаңы жылы менен куттуктады. Күн тартиби бекитилди.
Күн тарибиндеги биринчи маселе боюнча төрага кеңири билдирүү жасады. 2021-жылдын жыйынтыктары, 2022-жылга карата аткарылуучу негизги маселелер боюнча кеңири сөз болду. Маселелерди талкуулоодо кесиптик бирликтин Чаткал райкомунун төрагасы Ы.Кудайбердиев, кесиптик бирликтин Ала-Бука райкомунун төрагасы Ж.Дурусалиев, кесиптик бирликтин Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев, кесиптик бирликтин Токтогул райкомунун төрагасы Т.Исраилов, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлигинин баштапкы уюмунун төрайымы М.Маткаримовалар өз ойлорун ортого салышты. Бул маселе боюнча токтом кабыл алынды.
Кесиптик бирликтин Токтогул райондук комитетинин төрагасы Т.Исраиловдун 70 жылдыгына байланыштуу куттуктоо каты тапшырылып, сый көрсөтүлдү. Жыйындын катышуучулары аны 70 жылдык кутман курагы менен куттукташып, ишинде ийгиликтерди, бакубат ден соолукту, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалашты.
Обкомдун иш-планын бекитүү боюнча төрага А.Исмаилов президиум мүчөлөрүнө быйылкы жылдын өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берди. Бул маселе боюнча кесиптик бирликтин Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, кесиптик бирликтин Аксы райкомунун төрагасы С.Камчыбеков, кесиптик бирликтин Базар-Коргон райкомунун төрагасы С.Жаркымбаевдер өздөрүнүн иштиктүү сунуштарын айтышты. Талкуулардан кийин обкомдун 2022-жылга сунушталган планы алымча-кошумчалары менен бекитилди. Жылдын жыйынтыгы менен өткөрүлгөн кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү жобого ылайык тиешелүү тартипте сыйланды.
2021-жылдын жыйынтыгы менен мыкты иштешкен жаштар кеңештеринин жана райондук, шаардык кесиптик бирликтин казыначылары баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Сыйлыктар ээлерине обкомдун төрагасы А.Исмаилов тарабынан тапшырылды.
Борбордук Комитеттин 27.12.2021-жылдын №01-8/90 кайрымдуулук жардам көрсөтүү боюнча каты каралып, тиешелүү токтом каблы алынды.
Борбордук Комитеттин 2021-жыл 23-декабрындагы президиумунун токтомдорун ишке ашыруу боюнча атайын иш-чаралар даярдалып, президиум мүчөлөрү тарабынан жактырылды.
Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун иштөө тартиби жана регламенти жөнүндөгү маселени обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов тааныштырды. Бул маселе боюнча токтом кабыл алынып бардык райшааркомдорго жана обкомго түз баш ийген баштапкы уюмдарга жөнөтүү жагы сунушталды.
2021-жылга бюджеттин аткарылышы жана 2022-жыл үчүн бюджетти бекитүү жөнүндө обкомдун финансы бөлүмүнүн башчысы З.Сулаймановдун кеңири билдирүүсү угулду. Бул маселе толуктоолор жана тактоолор менен кабыл алынды. Иштиктүү маанайда өткөн президиумдун жыйынын обкомдун төрагасы А.Исмаилов алып барды жана жыйынтыктоочу сөз сүйлөдү.
Маалыматты даярдаган: Обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов