Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыгы чыгарылган Пленум

2023-жылдын 3-февраль күнү Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин жыл жыйынтыгын чыгарган Пленуму болуп өттү. Пленумга Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча инспектор Э.Ажиматов, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Асанбаев, Пленум мүчөлөрү жана баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрага, төрайымдары катышты.

Пленумда райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  И.Мырзамидинов үч тараптуу макулдашуу, келишимдердин алкагында социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү багытында 2022-жылы аткарылган иштер жөнүндө маалымат берди. Өнөктөштөр тарабынан кызматкерлерге мыйзам чегинде каралган социалдык жеңилдиктердин көрсөтүлүшү жана төлөнүүсү, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаш адистерге жълъкпулдардын төлөнүшү, билим берүү кызматкерлерине Айыл Өкмөттөр тарабынан акысыз жана арзандатылган көмүрдүн берилишине токтолду.

Ошондой эле райондук билим берүү бөлүмү тарабынан кошумча төлөмдөрдүн төлөнүшү боюнча Пленумдун катышуучуларына жана  мүчөлөрүнө кеңири маалымат берди.

Пленум Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан жарыяланган «Мыкты өнөктөш Айыл Өкмөт-2022», «Мыкты  өнөктөш  директор-2022», «Мыкты  баштапкы кесиптик бирлик-2022» кароо-сынактарынын жыйынтыгын чыгарды жана кароо-сынактын жеңүүчүлөрүн диплом жана акчалай сыйлык менен сыйлады.

«Мыкты өнөктөш Айыл Өкмөт-2022» кароо-сынагы боюнча Жылалды Айыл өкмөтү, айыл өкмөт башчысы Джээнбаев Улукбек диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды;

«Мыкты өнөктөш директор-2022»  кароо-сынагы боюнча П.Жолдошов, К.Раимбеков, Б.Келдибаев атындагы орто мектептеринин  директорлору, Жыргалай мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору жеңүүчү деп табылылды жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин диплому жана акчалай сыйлыгы менен сыйланышты;

«Мыкты баштапкы кесиптик бирлиги-2022» кароо-сынагы боюнча К.Рысбаев, Т.Ташмаматов, М.Нурбаев мектептеринин, Куршаб мектепке чейинки билим берүү мекемесинин баштапкы кесиптик бирликтери жеңүүчү аталып райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин диплому акчалай сыйлыгы менен сыйланышты.

Пленумда Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев чыгып сүйлөп, кесиптик бирликтердин аткарып жаткан иштерине токтолду.Ошондой эле, М.Разаков атындагы жетим жана ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын жатак-интерантынын директору Т.Айтыкурмановду Кыргыз Республикасынын билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин  «Билим, илим профсоюздук кыймылынын отличниги» төш белгиси менен сыйлады жана интернатка акчалай материалдык жардам тапшырды. Ошондой эле 3 баштапкы кесиптик бирлик уюмунун търайымдарына Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамотасын жана кол саатын тапшырды.

 

Материалды даярдаган: Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитети