Жыл жыйынтыгы чыгарылды
Аксы районундагы К.Шеркулов атындагы №12 жалпы билим берүүчү орто мектептин профсоюз комитетинин жыл жыйынтыгын чыгарган чогулушу болду.Чогулушта профсоюз комитетинин ишиндеги ийгиликтер белгиленип, кемчиликтер көрсөтүлдү. Ошондой эле 2024-жылдын сметасы бекитилди. Чогулушка билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аксы райондук комитетинин тийиштуу адамдары катышты.
Маалыматты даярдаган: Кадырбек уулу Элмар - Аксы райондук кесиптик бирлик комитетинин массалык маалымат каражаттары менен иштөө инспектору