Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыгы чыгарылды

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети 2023-жылдын 24-январында 2022-жылда аткарылган иштери боюнча жыл жыйынтыгын чыгарган президиумун өткөрдү. Президиумга областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов, президиум мүчөлөрү жана чакырылгандар катышышты.

Президиумдун жүрүшүндө Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин 2022-жылда аткарылган иштери жөнүндө райондук комитеттин төрагасы А.Зайитов слайд түрүндө кеңири маалымат берди. Ошондой эле күн тартибине ылайык Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин 2023-жыл үчүн иш планы жана бюджети каралып, президиум мүчөлөрү тарабынан кеңири талкууга алынды жана бекитилди.

Президиумдун соңунда 2022-жылда өткөрүлгөн кароо-сынактардын жыйынтыктары чыгарылып, женүүчүлөргө райондук комитеттин Ардак Грамоталары жана баалуу белектер тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райондук кесиптик бирлик комитети