Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыгы чыгарылды

2022-жылдын 2-ферваль күнү Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин кезектеги пленуму болуп өттү. Анда жыл жыйынтыгы каралды. Пленумга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Р.Мырзакулов, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Көкөев, пленум мүчөлөрү жана баштапкы профсоюз уюмунун жетекчилери катышты.

Пленумдун күн тартибиндеги 1-маселе боюнча уюштуруу маселеси каралды. Баштапкы кесиптик бирлик уюмунан түз делегаттоо жолу менен сунушталган талапкерди пленум мүчөлүгүнө  шайлады.

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча төрага И.Мырзамидинов үч тараптуу макулдашуу, келишимдердин алкагында социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, макулдашууда, келишимдерде каралган талаптардын аткарылышы жана 2021-жылы райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин алып барган иштери жөнүндө слайд аркылуу кеңири маалымат берди.

2021-жылы өнөктөштөр менен биргеликте кызматкерлерге көрсөтүлгөн социалдык жеңилдиктер, кошумча төлөмдөрдүн төлөнүшү, кызматкерлердин ден соолуктарын чыңдоо, эс алуулар жана райондун билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин арасынан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар кызматкерлердин тизмеси такталып, аларга райондук профсоюз комитети тарабынан көрсөтүлгөн  материалдык жардамдарга  токтолду.

Айыл өкмөттөр тарабынан жаш адистерге бир жолку жөлөкпулдардын төлөнүшү, өнөктөштөр тарабынан  кызматкерлерге көрсөтүлгөн коммуналдык тейлөөгө көрсөтүлгөн колдоолор, мугалимдерге берилген жер тилкелери жана социалдык жеңилдиктер жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан жарыяланган «Мыкты жамааттык келишим -2021», «Мыкты  эс алуу каанасы - 2021»,   «Мыкты  өнөктөш  директор - 2021», «Мыкты  өнөктөш  айыл  өкмөт - 2021» тармактык кароо-сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин Пленумунун соңунда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Р.Мырзакулов  райондук мамлекеттик администрация жана айыл өкмөттөр тарабынан билим берүү тармагына көрсөтүлүп жаткан колдоолор, аткарылып жаткан иштер жөнүндө кеңири мазмунда сөз сүйлөдү. Ошондой эле Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Б.Көкөев профсоюз уюму тарабынан аткарылган иштерге токтолуп, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов жыйынтыктоо сөзүндө 2022-жылга карата профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, алардын ден соолуктарын чоңдоо, алардын укуктук билимдерин жогорулатуу, моралдык, материалдык колдоо багытындагы иштер социалдык өнөктөштөр менен биргеликте улантылаарын белгиледи. 

 

Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитети