Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими-2022»

Ысык-Ата районунда салтка айланган «Жыл мугалими-2022» сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Сынакта жалпысынан 14 мугалим күч сынашып, ар бири өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүндөгү мыктылыгын көрсөтө алышты.

“Жыл мугалими-2022” сынагынын катышуучуларын сыйлоо иш-чарасына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Нурбек Сагынбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиев, билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрайымы Бактыгүл Тыныбекова жана башкалар катышып,  сынактын катышуучуларына белектерди тапшырышты.

“Жыл мугалими-2022” сынагында К.Рыскулова атындагы Кант жалпы билим берүү мектеп-гимназиясынын мугалими Мамбеталиева Жыпаркүл Барыктабасовна 1-орунду багындырып жеңүүчү деп табылды. 2-орунга Н.С.Баранов атындагы Ново-Покровка жалпы билим берүү мектеп-лицейинин мугалими Гульзат Сариева ээ болсо, 3-орунду Д.Мамашева  жалпы билим берүү мектебинин мугалими Венера Кенешбаева жана Я.Я.Ваккер жалпы билим берүү мектебинин мугалими Индира Аманжоловалар багындырышты. 1-2-3-орунду ээлеген жеңүүчүлөргө райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан  акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле, Ысык-Ата райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Б.К.Тыныбекова акчалай жана баалуу белектерди тапшырды. Иш-чарага катышып залда отурган билим тармагынын кызматкерлери кызуу кол чабуу менен алдыңкы орунду багындырган мугалимдерге Ысык-Көлгө жайкы эс алуу жолдомолорун берүү жөнүндөгү профсоюздук комитеттин чечимин кабыл алышты.

Калган сынакка катышуучулар да ар кандай номинацияларга ээ болуп гүл менен акчалай сыйлыктарга татыктуу болушту. Иш-чара Ч.Айтматов атындагы №1 Ивановка мектеп-гимназиясынын окуучулары жана мугалимдер жамаатынан чакан концерттик программасы менен коштолду.

 

Маалыматты даярдаган: Ысык-Ата райондук КБКнын төрайымы Б.Тыныбекова