"Жыл мугалими - 2022" Тоң районунда
2022-жылдын 12-13- майында Тоң районунун мугалимдери арасында "Жыл мугалими - 2022" кароо-сынагынын райондук туру болуп өттү. Райондо 30 мектептин ичинен 21инен мугалимдер кароо-сынакка катышып, ат салышты. Кароо-сынак жобого ылайык "Педагогикалык ишмердүүлүктү презентациялоо", "Мастер класс" жана сабак өтүү 3 негизги критерийдин алкагында өттү. Конкурсанттар жогорку деңгээлде даярдалып, таймаш өткөрүлдү, 2 күндүк кароо-сынактын жыйынтыгында:
Баш байгени К.Тайлаков атындагы мектептин башталгыч класстарынын мугалими Кидикова Жазгуль, биринчи орунду С.Каралаев атындагы мектебинин физика мугалими Баадаева Нуркыз, экинчи орунду А.С.Пушкин атындагы мектептин башталгыч класстар мугалими Абдиева Чынара, ал эми эки учунчу орунду Т.Мырзамамбетов атындагы мектебинин башталгыч класстар мугалими Бекболотова Нурайым жана Ж.Боконбаев атындагы мектебинин башталгыч класстар мугалими Мамырова Кундуз ээлешти.
Кароо-сынактын уюштуруу маселелерин жана байге фондун толугу менен Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тоң райондук комитети каржылады, байге фонду жалпысынан 100 000 сомду түзүп, ар бир катышуучу белек жана жайында "Красная гвоздика" эс алуу жайына жолдомонун сертификаты менен сыйланышты. Баш байге жана 1, 2, 3-орунду ээлеген мугалимдерге мыкты сапаттагы үй тиричилик буюмдары жана башка баалуу белектер тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: Тоң райондук КБКнын төрагасы Н.Урманбетов