Жыйынтыктоочу иш-чара
Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин иш планынын негизинде 2024-жылдын 6-ноябрында Кочкор Ата шаарындагы №45 “Наристем” балдар бакчасында жыйынтыктоочу иш-чара болуп өттү.
Анда Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы Н.Урайимов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов, ардагер мугалимдер, баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага- төрайымдары, мектеп жетекчилери жана социалдык өнөктөштөр катышты.
Иш-чараны Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов ачып, 2024-жылда аткарылган иштер жөнүндө видеопрезентация көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ноокен районунун “Билим берүүнүн ардагери” төш белгиси менен 10 ардагер мугалим, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин Ардак грамотасы менен 1 мугалим, “Профсоюдун мыктысы” төш белгиси менен 3 баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин “Профсоюдун мыктысы” төш белгиси менен 9 мугалим жана Ардак Грамотасы менен 16 билим берүү кызматкерлери сыйланышты.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору Т.Бакиров