Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыйын болуп өттү

Кесиптик бирликтердин Ош облустук Кеңешинин жыйындар залында Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын окуу методикалык борборунун Ош, Баткен, Жалал-Абад областтары боюнча тренер-уюштуруучусу Сабиров Шукурулло, Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин башкы техникалык эмгек инспектору Ажиматов Эшболот Ташпулатович жана Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын түштүк региону боюнча жетекчиси Медербек Акматов менен биргеликте 28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата жыйын өткөрүлдү.

Семинар эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча адистердин билим деңгээлин жогорулатуу менен өндүрүштөгү бөөдө-кырсыктарды алдын алуу жана болтурбоо максатында уюштурулду.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ош областтык комитети