Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жумгалдагы иш-чаралар

Жумгал райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети А.Сулайманов атындагы орто мектебинин мугалимдерине жана Миң-Куш айылынын Жусуп Сары уулу атындагы А.Ибраимов жана Н.Крупская атындагы орто мектептеринин жамаатына, жетекчилерине, секция жетекчилерине, кесиптик бирлик уюмунун төрайымдарына, мектептин кенже кызматкерлерине жана башка кызыктар болгондорго "КТУнун туура бөлүнүшү боюнча” жер-жерлерге барып семинар өткөрүп келди. “Эң жакшы маалыматтарды алдык. Ар бир катышуучу өздөрүнүн жеке суроолорун берип, семинар жогорку денгээлде өттү. Жумгал райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Б.Джамантаева ар бир катышуучуну кызыктырган суроолоруна жооп берди,”- деген оюн билдиришти мугалимдер жамааты.

Х Х Х

Жумгал районун билим беруу кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Б.Джамантаева Арал айылынданы Б.Кожоналиева атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты менен жолугушту. Жолугушуунун максаты мектеп кызматкерлеринен кабар алуу жана коопсуздук эрежелеринин туура сакталышы  жөнүндө терең маалымат берүү болду.

 

Маалыматты даярдаган: Жумгал райондук КБКнын бухгалтери С.Мамышова