Жумгалда семинар болуп өттү
2021-жылдын 27-октябрында Чаек айылында Билим жана илим кызматкарлеринин кесиптик бирлигинин Жумгал райондук комитети тарабынан бала бакча жетекчилери үчүн “Эмгек китепчесинин жана эмгек келишиминин туура жүргүзүлүшү” жөнүндө семинар болуп өттү. Бул иш-чарага райондун бала бакчаларынын жетекчилери катышышты. Семинардын жүрүшүндө профсоюздун торайымы Жамантаева Бегимкан тарабынан жетекчилер үчүн эмгек китепчесинин туура толтурулушу жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди жана жаш жетекчилерге так багыттар коюлду. Айрым бала бакчаларда эмгек келишимдеринин туура эмес жүргүзүлүп жаткандыгынан улам иш берүүчү менен кызматкердин ортосунда маселелер жаралып жаткандыгы белгиленди. Мындай көрүнүштөргө жол бербеш үчүн келишимдин түзүлүшүн дыкаттык менен жүргүзүү зарыл экени тууралуу сөз болду.
Семинарга С.Турусбеков атындагы орто мектебинин директору Чалов Кудайберген катышып, катышуучулар үчүн “Иш кагаздардын туура жүргүзүлүшү” темасында кенен маалымат берди, иш кагаздарынын үлгүлөрүн көрсөттү, айрым жетекчилерге талап да койду.
Семинардын катышуучулары берилген суроолоруна жооп алышып, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалыматты даярдаган: Жумгал райондук КБКнын бухгалтери С.Мамышова