Жолугушуу болуп өттү
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ат-Башы райондук комитетинин төрагасы жана райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери 2021-жылдын 28-апрелинен 19-майына чейин райондогу билим берүү мекемелеринин кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү мекемелеринин бир жылдык иштери, 2021-2022-окуу жылына предметтик сааттар менен камсыз болушу ж.б. маселелер талкууланды.
Кесиптик бирликтин райондук комитетинин төрагасы кесиптик бирликтин райондук жана Борбордук комитетинин иштери тууралуу маалымат берди. Райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери билим берүү тармагындагы жаңылыктар боюнча пикир алышты. Жолугушуунун акырында мугалимдердин ар кандай суроолоруна жооптор берилди.
Маалыматты даярдаган: Ат-Башы райКБКнын төрагасы К.Керималиев