Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖӨЛӨК ПУЛ КАНТИП ТӨЛӨНҮШҮ КЕРЕК?

    29-март күнү Баткен райондук балдар чыгармачылык үйүндо билим берүү мекемелеринин жетекчилери, кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары жана эсепчилери үчүн «Билим берүү мекемелеринде убактылуу жумушка жарамсыздык, төрөт боюнча жөлөк пулдарды төлөө өзгөчөлүктөрү» деген темада семинар болуп өттү. Семинарда райондук социалдык коргоо жана эмгек башкармалыгынын начальниги Айипов Н.   “Өлкөдөгү социалдык коргоо саясаты жана жөлөкпул төлөө иштери”, райБББнын башчысынын орун басары Мажилимов О. “Убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартиптери”, райондук социалдык коргоо жана эмгек  башкармалыгынын жетектөөчү  адиси  Гүлжигитова С. “Жөлөкпулдарды дайындоонун жана төлөөнүн шарттары”, “Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби.”, райБББнын экономисти  Назарова Ж. “Жөлөкпулдардын өлчөмдөрү жана    эсептөө тартиби”, РПКнын төрагасы Жумаев Т. “Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашап иштегендерге жөлөкпул дайындоо өзгөчөлүктөрү” деген темаларда баяндамалар жасалып, катышуучулар баяндамалар боюнча суроолоруна жооп ала алышты.

 Семинардын экинчи бөлүгүндө катышуучулар 3 топко бөлүнүшүп,     1-топ “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча бюллетенди каттоо жана толтуруу тартиби”, 2-топ “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду дайындоо, эсептөө жана төлөө” жана 3-топ “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды эсептөө жана төлөө”  боюнча практикалык иштерди жүргүзүшүп, ар бир топ өздөрүнүн презентациясын жасашты. Презентациядан кийин   жогоруда айтылган темада  ойлор, сунуштар, пикирлер талкууга алынды.

Семинардын катышуучуларына билим берүү мекемелеринде убактылуу жумушка жарамсыздык, төрөт боюнча жөлөк пулдарды төлөөдө жетекчиликке алынуучу ченемдик-укуктук актылардын пакети тапшырылды.

          Семинардын аягында ойлор, сунуштар, пикирлер айтылып жогоруда айтылган тема  талкууга алынды.

 

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин жетектөөчү адиси Б.Абдыразакова