Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жети-Өгүз районундагы мугалимдерге материалдык жардам көрсөтүлдү

Жети-Өгүз районундагы Ак-Дөбө айлынын С.Давлетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин мугалимдери Калысбек Байгазиев жана Айнагүл Бейшеева Жети-Өгүз райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан материалдык жардам алышты.

Райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Өмүрбек Молдокматов мугалимдердин үй-бүлөлөрүнө барып, алардын ден соолугунун калыбына келүүсү үчүн жардам көрсөтүү менен дары-дармектердин сатып алуусуна материалдык жардам бөлүп, тез арада сакайып кетүүлөрүн каалады.

Райондук кесиптик бирлик комитети бул көрсөтүлгөн жардамдары мугалимдердин ден соолугуна кам көрүүнүн жана алардын ишке болгон кызыгуусун жогорулатуу экендигин белгилейт.

Жети-Өгүз райондук кесиптик бирлик комитети