Жетекчилердин отчеттору угулду
2016-жылдын 16-30-сентябры күндөрү Ноокен районунун 91 баштапкы кесиптик уюмдарында Уставтын талаптарына ылайык отчеттук чогулуштар болуп өттү. Чогулуштарда райБББ менен райКБКнын өкүлдөрү катышып төмөнкү маселелер талкууланды:
1.2015-2016-окуу жылындагы баштапкы кесиптик уюмдун аткарган
иштери жөнүндөгү отчету (Төраганын баяндамасы)
2.Текшерүү комиссиясынын отчету
3. З тараптуу жана жамааттык келишимдерди
аткарылышы жана бекитуу (Директорлордун маалыматы)
4.Комитеттин жана текшерүү комиссиясынын курамын толуктоо
Чогулуштарга 2565 кесиптик уюмдун мүчөлөрү катышып, 465 мүчөлөр чыгып суйлошуп кесиптик уюмдун ишине баа берүү менен алдындагы милдеттер аныкталды. Айыл Өкмөттөр менен түзүлгөн 3 тараптуу келишимдер жана жамаатык келишимдердин аткарылышы менен кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечилишине мониторингдер жүргүзүлүп, келишимдер жаңыдан толукталып бекитилди. Сунуштар, сын пикирлер негизинде иш-чаралар түзүлүп, ишке ашыруу жетекчилерге милдеттендирилди.
“Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын 44-1-беренеси “Мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан акча каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө отчетту коомдук угуу” талаптарын ишке ашыруу максатында коомдук угуулар кесиптик уюмдун чогулуштары өткөн күндөрүндө болуп өттү. Коомдук угуулар райБББ менен райКБКнын, айыл өкмөтүнүн, ата-энелердин, көзөмөлдөө кеӊешинин, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, жамааттын катышуусу менен өткөрүлүп, мектептердин, бакчалардын, мектептен тышкаркы мекемелердин директорлору акча каражаттары боюнча отчетторун беришти. Катышуучулар маалымдуулук, ачыктык болгону ишенимди арттырып, билим берүү тармагына финансалык жардамдарды уюштурууга жакшы көмөк болорун билдиришти.
Материалдарды даярдаган, Ноокен райКБКнын тескөөчүсү-А.Айдаров.