Жетекчилердин жыйыны
Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин, баштапкы профсоюз комитеттеринин төрага, төрайымдарынын укуктук–ченемдик актылар жөнүндөгү билимдерин жогорулатууга карата профсоюдук окуу семирнары болуп өттү. Семинарды уюштуруу жана иш план түзүү боюнча жоопту кызматкерлер; Э. Ажиматов, М. Аттокуров. Семинарда талкуу болгон темалар; 1) Иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин укуктары жана милдеттери. 2) Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо. 3) Кадрдык кызматтын иш кагаздарын уюштууру жөнүндө. 4) Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана 2-3 тараптуу жаматтык келишимдер жөнүндө. 5) Кызматкерлерди эмгек өргүүгө чыгаруу жөнүндө. 6) Убактылуу ишке жарамсыздык, кош бойлуулук, төрөт жана расымдык сөөк коюу боюнча пособиенин төлөнүшү жөнүндө. 7) Окуу семинарды суроо–жооптор менен бышыктоо.
Ош мамлекеттик университетинен семинарга катышуучулар төмөнкүлөр:
- ОшМУнун кесиптик бирлигин төрагасы, доцент; А.Э.Саттаров
- Кесиптик бирликтин башкы эсепчиси; Т.Э.Рысалиев
- Илим изилдөө бөлүмүнүн башчысы; Н.Н.Курбанбаева
- Кадырлар бөлүмүнүн улук инспектору; С.Г.Бекташова
Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова