Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жетекчилер “Брейн-Ринг” талаасында

Баткен районунун билим берүү мекемелеринин (мектептердин, балдар бакчаларынын) директорлору жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын  төрагалары арасында 2022-жылдын 25-мартында Ш.Токсонов  атындагы  орто мектебинин базасында билим берүү жана кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилеринин укуктук билимдерин, компетенттиктүүлөрүн арттыруу жана билим берүү тармагындагы укуктук-ченемдик актылар боюнча билимдерин өркүндөтүү максатында “Брейн-ринг” интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Бул оюнга райондун 9 айыл  аймагынан тандалып келген 9 команда катышты. Оюндун жүрүшүндө катышуучулар “Билим берүү  жөнүндө”, “Мугалимдин  статусу  жөнүндө” КР мыйзамдарынан, КР Эмгек кодекси, КР Өкмөтүнүн билим берүү тармагына тиешелүү болгон ченемдик-укуктук актыларынан түзүлгөн суроолорго жооп беришти. Натыйжада калыстар тобунун чечими менен Төрт-Күл айыл аймагынын командасы 1-орунга, Кыштут айыл аймагынын командасы 2-орунга, Кара-Бак айыл аймагынын командасы 3-орунга жетишти.

Катышуучулар бул иш-чара пайдалуу болгондугун, билимдерин жогорулатууга өбөлгө түзгөндүгүн белгилешти, аны жылына бир жолу эмес эки жолу өткөрүп туруу керек экендигин айтышты жана уюштурууга көмөк көрсөткөн билим берүү кызматкерелеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетине терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Байгелүү орундарды ээлешкен командалар райондук кесиптик бирлик комитетинин дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты. Калган  катышуучулар кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Оюундун жүрүшү Баткен областтык телеберүүсү аркылуу көрсөтүлдү.

 

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райондук КБКнын төрагасы А.Зайитов