Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жергиликтүү башкаруу органдары менен жолугушуу болуп өттү

Тынчтык жана Өнүгүү институту коомдук фондунун колдоосу менен Ноокен районунун Шайдан айылындагы А.Сатаров атындагы №4 орто мектебинин базасында түзүлгөн "ЖАШ КАНАТ" тынчтык клубунун жергиликтүү жамааттар менен тегерек столу болуп өттү.

Бул жолугушуунун негизги максаты клубдун уюштурулушу, максаты, милдеттери, алдыда аткарылуучу иштердин планы менен жергиликтүү жамааттарга маалымат берүү жана колдоосуна ээ болуу жана коомчулукту иш-чараларга тартуу.

Иш-чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары З.И.Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.К.Олжобаев, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Э.Н.Жаркынбаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.К.Нышанов, Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия комитетинин адиси А.Р.Тороханова, Шайдан айыл Өкмөтүнүн башчысы К.К.Еркулов, айыл имамы, ата-энелер, мектеп администрациясы, клуб лидерлери жана мүчөлөрү катышты.

Анда Жаштар кеңешинин төрагасы, “Жаш канат” тынчтык клубунун жетекчиси Т.Бакиров презентация жасап, клуб жөнүндө, окуучалардын, жаштардын арасындагы чыр-чатактар, кылмыштуулук, укук бузуулардын алдын алуу максатында Тынчтык жана Өнүгүү Институту коомдук фондунун каржылоосу менен алдыда пландалып жаткан иш чаралар жөнүндө маалымат берди.

Иш-чаранын катышуучулары жаңы түзүлүп жаткан клубка ийгиликтерди каалап, ар кандай демилге, сунуштарын колдоого алып, керектүү жерде жакындан жардам бериле тургандыгын айтып өтүштү.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору, Жаштар кеңешинин төрагасы Т.Бакиров