Жеңүүчүлөр сыйланды
2021-22-окуу жылына карата Чүй областты боюнча Республикалык олимпиаданын 3-этабы Сокулук районунда эки күнгө белгиленип, 25-26-февралда өткөрүлдү. Жакында олимпиаданын жыйынтыктары боюнча жалпы Сокулук районунан 14 окуучу жеңишке жетишип, 1-2-орунду камсыз кылган 10 окуучу Республикалык олимпиаданын 4-этабына катышууга жолдомо алышты.
Жеңүүчүлөр Чүй областтык усулдук билим берүү бөлүмү тарабынан сыйланышты. Ал эми жеңишке жетишкен окуучулардын жетекчилери жана мугалимдеринин эмгектери бааланып «Билим Ордо» мугалимдер фондунун төрагасы Турдубаев Съездбек, Чүй областынын координатору Мамбетакунов Таалайбек тарабынан Шопоков шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынын директору Козубекова Чынара диплом жана телевизор тапшырылды. Сокулук райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сокулук райондук комитети тарабынан Шопоков шаарындагы эколо-экономикалык мектеп лицейинин директору Бурная Татьяна жана мектептин 14 мугалими ыраазычылык кат жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Маалыматты даярдаган: Сокулук райондук КБКнын төрайымы А.Качкынбаева