Жаңыдан шайланган төрагаларга методикалык жардам көрсөтүлдү
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин иш планына ылайык 2022-жылдын 14-апрелинде билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын жаңыдан шайланган төрагалары үчүн Апкан айылында жайгашкан А.Жоробаев атындагы орто мектебинде окутуу семинары өткөрүлдү. Семинарга жаңыдан шайланган профсоюз уюмдарынын төрагалары катышышты.
Семинардын 1-бөлүгүндө райондук комитеттин төрагасы А.Зайитов сөз сүйлөп, райондук комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер менен кеңири тааныштырып, аларды кызыктырган суроолорго жоопторду берди. Андан соң программага ылайык райондук комитеттин кызматкерлери уюштуруу иштери жөнүндө маалымат беришип, 2-бөлүгүндө семинардын катышуучулары топторго бөлүнүшүп практикалык иштерди аткарышты.
Семинардын 3-бөлүгүндө катышуучулар А.Жоробаев атындагы орто мектептин профсоюз уюмунун төрагасы К.Калбаевдин, Ш.Токсонов атындагы орто мектептин профсоюз уюмунун төрайымы Т.Тулабаеванын иш тажрыйбасы менен таанышып чыгышты.
Семинардын катышуучулары билим берүү кызматкерлерине теориялык жана практикалык жардам көрүлүп жатканы үчүн Баткен райондук комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалыматты даярдаган: Баткен райондук КБКнын адиси Б.Абдыразакова