Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы жылдык балаты балдарга жагымдуу маанай тартуулады

ОшМУда профсоюз комитети тарабынан бөбөктөргө арналган «Жаңы жылдык балаты» кечеси уюштурулду.

Жаңы жылдык балатыга университетте эмгектенген окутуучулардын, кызматкерлердин 12 жашка чейинки 300гө жакын балдары катышышты.

Майрамдык кечени ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев, профсоюз комитетинин төрагасы Абдыжапар Аккулов  ачып, жаңы жылдык куттуктоо сөздөрүн айтышып, балдарга кең келечек, бактылуу балалык каалашты.  

Алгач майрамдык кечеде  ОшМУнун «Зирек» балдар бакчасында тарбияланып жаткан таланттуу бөбөктөрдүн концерттик программасы тартууланды. Кечени жомок каармандары коштоп, искусство факультетинин таланттуу студент ырчы-бийчи студенттери ыр ырдап, бийлеп, бөбөктөргө жагымдуу маанай тартуулашты, ошондой эле балдар, ата-энелер үчүн кызыктуу оюндар уюштурулду. Бөбөктөрдү кубандырган кеченин негизги каарманы болгон аяз ата, аяз кыз келип, балдардын майрамдык ыр-бийлерине күбө болуп, ар бир балага уюштуруучулар тарабынан өзгөчө белектерди тапшырды.

Белгилей  кетсек, мындай иш чара профсоюз комитети тарабынан жыл сайын уюштурулуп  келет, концерттик программа профсоюз комитетинин маданий-массалык иштери боюнча комиссиясынын төрайымы Фарида Мангиева тарабынан  даярдалды.