Жаңы райондук аким жаңы мектептин курулушун баштады
2017-жылдын 27-февралы Ноокен районунун Масы айылынын тургундары үчүн тарыхый жана кубанычтуу күн болду. Бул күнү Масы айлынын жаңы конуштар аймагында КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Урмаматович Сатыбалдиев, Кыргызстандагы “Аль-Ас-Салам” коомдук кайрымдуулук Фондунун төрагасы Миңбаев Нурмухаммед Башхидинович, райондун акими Маматаев Эркинбек Садырбекович, райондук ишкана мекемелердин жетекчилери, аксакалдар, ардагерлер кызматкерлери, Масы Айылдык Кенешинин депутаттары, райондогу мектептердин, бакчалардын директорлорунун катышуусунда жаңы 160 орундуу социалдык жатак-лицейдин курулушунун пайдубалын баштоонун аземи болуп өттү.
Областын жеткчиси Ноокендиктерди куттуктап, мектептин курулушун толук каржылап жаткан Фонд жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Фонд жетекчиси сүйлөп, мектеп азыркы заман талаптарына ылайык толук бардык шарттары мекен 6 айда курулуп ишке берилерин маалымдады. Ноокендиктер Фонд жетекчилигине, облустун жетекчисине ыраазычылыктарын билдиришип, кызматтарында ийгиликтер, бекем ден-соолук каалашты.
Материалды даярдаган: Ноокен райКБКнын тескөөчүсү- А.Айдаров.