Жаңы жылдык иш-чаралар
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сокулук райондук комитети тарабынан «Профактивге жардам», «Иш кагаздарын туура алып баруу» деген темаларда семинар өткөрүлдү.
2021-жылдын 27-28-декабрында Сокулук районундагы кыйналып сүйлөгөн балдар үчүн атайын жатак мектеби, психикалык өнүгүүсү жетишпеген балдар үчүн атайын башталгыч жатак мектеби жана Белогорка токойлуу балдар жатак мектептеринде Жаңы жылга карата балаты өткөрүлүп, ага райондун акими Айтибаев Курманбек Гайыпбекович, райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Сатарбаева жана райондун билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы А.Качкынбаева катышып балдарды жаңы жылы менен куттуктап, белектер тапшырылды. Белектер райондун Сокулук райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан алынды.
Маалыматты даярдаган: Сокулук райондук КБКнын төрайымы А.Качкынбаева